Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

САДДАМДЫН СОТ ИШИ БҮДӨМҮК


Ирактын утурумдук өкмөтүнө Саддам Хусеиндин жакын арада өткөрүлүп берилиши тууралуу пландан АКШнын Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлдөрү кабарсыз. Бул тууралуу Американын аталган мекемелеринин кызматкерлери маалымдашканы айтылууда. Эки аптадан соң - Ирактын суверенитети кайра орногондон кийин АКШ Саддамды баш кылып, камактагылардын баарын өткөрүп берээрин дүйшөмбүдө утурумдук өкмөттүн башчысы Ияд Аллави жарыялаган эле. Ирактын экс-диктаторун сот жообуна тартуу аракеттери алдыга жыла баштаганы менен, али көп суроолордун башы ачыла элек.

Ирактын премьер-министри Ияд Аллави АКШ Саддам Хусеинди баш кылып камактагылардын баарын утурумдук өкмөткө өткөрүп берээрин дүйшөмбүдө Катардын "ал–Жазира" телеканалына берген интервьюсунда билдирген эле:

- Камактагылардын баары Ирактын бийлигине берилет. Бул жакынкы эки аптанын аралыгында ишке ашат. Саддам да башкалар сыяктуу эле ирактыктарга, өкмөткө өткөрүлүп берилет.

Ал ошондой эле, Саддамдын соту мүмкүн болушунча тез башталаарын кошумчалады. Ияд Аллавиден соң шейшембиде Ирактын президенти Гази ал-Явер да АКШ Саддамды өткөрүп берүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анткен менен ал Саддам Ирактын бийликтеринин колуна түздөн–түз тапшырылаары же коопсуздук жүйөөсүнөн улам аны сыртта кармоо улантылаары жөнүндөгү суроону ачык калтыргансыды:

- Президент Буш өзү биз Саддамдын өткөрүлүшүнө качан даяр болоорубузду сурады. АКШ аны Ирактын бийликтерине берүүнү абдан каалоодо. Адегенде биз сотко чейин Саддамдын коопсуздугун камсыздай алаарыбызга, сот мыйзамдуу өтөөрүнө, экс-президент өзүн коргоого, өкмөт ага каршы айып коюууга жөндөмдүү болооруна ынанышыбыз керек.

Саддам былтыр декабрда кичи мекени Тикрит шаарынын жанынан кармалгандан бери АКШнын камагында. Анын турган жери айтылбайт. Айрым маалыматтарга караганда, Саддам Американын Катардагы аскерий базасында кармалууда. Кошмо Штаттар ага согуш туткуну деген статус ыйгарган. Бирок Саддамга каршы азыр кандайдыр бир расмий айып коюла элек. Эл аралык мыйзамдар боюнча АКШ баштаган өлкөлөрдүн оккупациясы расмий түрдө аяктаганга чейин же тактап айтканда, 30-июнга дейре ага айып тагылышы, болбосо, бошотулушу керек. Андыктан Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнүн айтымында, Саддам Хусеин баштаган жүздөгөн адамдарды камакта кармоо үчүн Ирактын өкмөтү аларга 30-июнга чейин айып коюшу абзел.

Ирак өкмөт башчысынын жарыясы басма сөздө түрдүү жоромолдордун чыгышын шарттады. Анткен менен көп нерсе бүдөмүк бойдон калууда. Америкалык расмий өкүлдөр да Ирактын өкмөт башчысынын билдирүүсүн ырастай элек. Маселен, СNN телеканалына Пентагондогу булактар алар камактагыларды Ирактын өкмөтүнө тез арада өткөрүп берүү планынан кабардар эмес экенин билдирген. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлүнө шилтеме берип "Франсс пресс" агенттиги да кабарлады. АКШ армиясынын өкүлү Барри Жонсондун билдиргенине караганда, ушул айдын соңунда алар азыр камакта отургандардын ичинен 1400дөй адамды эркиндикке чыгарышы же Ирактын бийлигине өткөрүп бериши мүмкүн. Бирок коалициялык күчтөр үчүн коркунуч туудурган 4000-5000дей адамды кармоону улантат.

Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун Багдаддагы өкүлү Нада Думанинин айтымында, мындай шартта 30–июндан кийин да коалициялык күчтөрдүн камагында калуучулардын укуктук статусу Ирактын утурумдук өкмөтү менен коалициялык күчтөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталышы керек.

Айтор, Ирактын өкмөтү Саддам Хусеинге чейин соттун кароосуна мурдагы режимдин диктатордон кызматы төмөн өкүлдөрүнүн ишин берчүдөй. Саддам болсо адамзатка каршы жасаган кылмыштары, 1988-жылы күртөргө карата химиялык курал колдонгону, 1991-жылдагы согуштан соң ирактык шийиттердин арасында кыргын салганы үчүн айыпталчыдай. Анын соту адилет өтөөрүн ырастоо үчүн эл аралык байкоо жүргүзүлөр-жүргүзүлбөсү да азырынча беймаалым.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG