Орусиянын мунай тармагындагы экинчи ири ишкана ЮКОСтун жетекчилери Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча сот алгачкы жолу бирге каралып олтурат. Эки ишти бириктирүү демилгеси айыпталып жатышкан олигархтар тарабынан көтөрүлгөн.
Бул жолу сот иши айыпталуучулардын адвокаттары тарабынан түшкөн өтүнүчтөрдү кароо менен башталды. ЮКОСтун мурдагы кожоюну Михаил Ходорковскийдин адвокаты Генрих Падва учурда көзүнөн операция болуп, ооруканада дарыланып жатат. Андыктан, Ходорковский ишти адвокаты ооруканадан чыкканга чейин карабай туруу өтүнүчү менен кайрылган эле. Сот буга макулдугун билдирип, анын ишин 21-июнга чейин жылдырууну туура тапты.
Ал эми Ходорковскийдин кесиптеши, ЮКОСтун каржылык борбору - «Менатептин» - жетекчилеринин бири Платон Лебедев ден-соолугу начарлай түшкөндүгүнө арызданып, аны түрмөдөн бошотуу өтүнүчүн жөнөткөн. Анткен менен сот «Матросская тишина» түрмөсүндөгү режимден мыйзамга каршы келе турган себептерди тапкан жок жана Лебедевди түрмөдө эле калтыруу чечимин кабыл алды.
Ошол эле учурда айыпталуучулар өздөрү мындан саясий басымдын күчү байкалып жаткандыгын айтышууда. Бул ойго жергиликтүү бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле, эларалык байкоочулар да кошулушат.
- Биз байкап жаткан баардык көрүнүштөрдү сыноого болгон даярдык катарында тааныганга болот. Алар, кайсыл бир деңгээлде, жашыруун деп эсептелинип келген Советтик сот системасында колдонулган сыноолорду эске түшүргөндөй, - деп ойлойт RAND аналитикалык корпорациясынын Европалык саясат боюнча башкы аналитиги Стефен де Шпигелер.
Ходорковский – ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы кожоюну жана орус жергесиндеги эң бай адам. Анын жеке мүлкү 15 млрд. доллардан ашып түшөт. Учурда мамлекет аны Кылмыш кодексиндеги жети берене боюнча айыптап жатат. Алардын негизгилери: «олигарх салык төлөөдөн качкан» жана «көз боемочулукка барып, мамлекеттик мүлктү өзүнө өткөрүп алган». Азырынча ишкер прокуратура ага тагып жаткан айыптарды мойнуна ала элек. Эгерде бул кылмыштарга катыштыгы бар экендиги далилденсе Ходорковский 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал.
Дагы бир айыпталуучу Платон Лебедев – ЮКОСтун ири акционерлеринин бири. Негизи, Лебедевге тагылып жаткан айыптар да Ходорковскийдикинен айырмаланбайт. Анткени, тергөөчүлөрдүн айтымында, 1999-2000-жылдары салык төлөөнү бурмалоодо жана көз боемочулук иштеринде ЮКОС компаниясы жасаган кылмыштардын артында Ходорковский менен Лебедев мырзалар турушкан. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, бул эки олигарх мамлекетке келтирген зыяндын өлчөмү 1 млрд. доллардан ашат.