Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

ХАМИД КАРЗАЙ ЖОРЖ БУШКА ТЕРЕҢ ЫРААЗЫ


Чолпон Орозобекова, Прага Ооганстандын мамлекет башчысы Америка Кошмо Штаттарына өз өлкөсүн “караңгы доордон” сууруп чыкканы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Хамид Карзай буга чейин ооган эли башынан кечирген жылдарды “караңгы доор” деп атады. Ооганстандын президенти “Америка өкмөтү жана америкалык компаниялар мындан ары да жардам берет деп үмүттөнсөк болобу” деген суроо менен Жорж Бушка кайрылды.

Ушул күндөрү Хамид Карзай Америкада жүрөт. Вашингтондон теле аркылуу сентябрдагы шайлоолор алдында Ооганстанда кайрадан террордук чабуулдар жана ар кыл зордук-зомбулук күчөшү ыктымал деп сүйлөдү.

Хамид Карзай Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд, президент Жорж Буш менен жолукту. Сенатта сүйлөгөндө да, өкмөт үйүндө да айткан ыраазычылыгын Жорж Буштун өзүнө да кайталады. Хамид Карзайдын суроосуна Жорж Буш оң жооп берди. Америка Кошмо Штаттарынын президентинин айтымында, Ооганстан узак жылдар бою үзгүлтүксүз жардам алып турмакчы.

Хамид Карзай сүйлөгөн сайын Ооганстандын жашоосуна бүлүк салып келген талибдер менен "ал- Каида" Америкадагы 11-сентябрдагы каргашаны алып келген күчтөр экенин эскертип атты. Вашингтондо Хамид Карзай мындай деди:

-Ооганстан өз башынан террорду жана куугунтукту башынан кечирип, “караңгы доордон” чыга алды. Биз жаңы Конституцияны кабыл алуу менен демократиялык ислам өлкөнү курууга бет алдык. Бул кадам мамлекеттеги ар бир атуулдун эркиндигине жана тең укуктуулугуна кепилдик бере алат.

Ал өз өлкөсүндөгү соңку өзгөрүүлөргө да токтолду. Сентябрда шайлоо белгиленип, ага даярдыктар жүрүүдө. Сөз эркиндиги орноп, кыздар да, балдар да мектепке барып, жолдор оңдолуп атканын айтты. Ушунун баары Америка бийлиги кол сунбаганда турмушка ашпайт эле деген Карзайды Америка Конгресси кол чаап кубаттады.

Бирок Хамид Карзайдын айтымында, Ооганстанда маңзаттарды өстүрүүнүн жана сатуунун деңгээли мурдагы бойдон калууда:

- Биз маңзаттарга каршы күрөштү баштадык. Биздин жана силердин балдарды сактап калыш үчүн, ошондой эле маңзаттарга азгырылуудан бүт дүйнө жүзүндөгү балдарды арылтыш үчүн күрөш жарыяладык.

Ооганстандын мындан аркы оңолушу үчүн Хамид Карзай Конгрессти жана ишкер чөйрөлөрдү жардам берүүнү улантууга чакырды. Ал Америка Кошмо Штаттарына эркин соода байланышы жөнүндө келишим түзүүнү сунуш кылды. Хамид Карзай “Америкалык ишкерлерге жана компанияларга эшигибиз ачык” деди.

Ооган президентинин айтымында, өз өлкөсүндө дүйнөлүк стандарттарга дал келген, керек болсо алдыга озгон Конституция кабыл алынды. Бул деген “ислам менен демократия чогуу жашай алышат дегенди түшүндүрөт”.

Карзай өз дарегине Ооганстандагы жергиликтүү куралчан кол башчылар менен карым катыш кылат делип айтылып жүргөн сындарга кабатырланды. Ал президент катары өлкөдө демократия орнотуш үчүн куралчан топтор менен эсептешүүгө мажбур экенин билдирди.

Ооган президенти өз өлкөсүнө туруктуулукту жана өнүгүүнү алып келиш үчүн ким менен болсо да кызматташууга даярдыгын айтты.

XS
SM
MD
LG