Ташкен саммитине катышуу үчүн президент Аскар Акаев жетектеген кыргыз делегациясы 16-июнда Өзбекстан борборуна барган. Ошол эле күнү кыргыз мамлекет башчысы Кытайдын лидери Ху Цзиньтао менен жолугушкан.
Өзбекстандагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча, Аскар Акаев 17-июнда Ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушту. Ушул эле күнү кечке жуук Аскар Акаевдин орус президенти Владимир Путин, өзбек мамлекет башчысы Ислам Каримов менен да жекеме-жеке жолугушуусу белгиленген. Маалыматка караганда, бейшембиде президенттер Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук структурасынын аткаруу комитетинин кеңсесин ачуу аземине катышып, биргелешкен жыйын өткөрүштү.
Ху Цзиньтао менен Аскар Акаевдин жолугушуусуна катышкан кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер- министри, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, эки лидер жолугушуу маалында Кыргызстан менен Кытайдын соодасынын көлөмү өсүп жатканына ыраазычылык билдирип, жол куруу багытында кызматташууларга көңүл бурган. Кубанычбек Жумалиев талкууланган маселе тууралуу буларды билдирди:
- Ош-Сарыташ-Эркечтам жолун курууга Кытай тарап былтыр 7.5 миллион доллар берген. Ошол акчага курулуш иштери башталды. Президенттер жолугушууда мына ошол жол эки мамлекеттин ортосундагы эле эмес, Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы керектүү автомобилдик трасса болоорун белгилеп кетишти.
Жумалиевдин айтымында, андан сырткары, президенттер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салууга каражат табуу жагын өкмөттөргө тапшырган. Кытай лидери Кыргызстанда иштеп жаткан өз атуулдарынын коопсуздугун камсыз кылуу өтүнүчүн да билдирген.
Шанхай уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу маселеге келсек, курамына Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген Шанхай кызматташуу уюму 1996-жылы апрелде түзүлүп, 2001-жылы ага Өзбекстан кошулган. Маалым болгондой уюм адегенде чек ара райондорунда аскердик ишенимди күчөтүү максатында түзүлгөн. Андан кийин уюм алкагында ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү максатын койгон. Бирок экономикалык багыттагы кызматташууларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат, дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитенин төрагасы Алишер Абдымомунов:
- Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттер кол койгон документтердин арасында экономикалык багыттагы келишимдер аз болууда. Бул уюм саясий жана аскерий маселелерге көп көңүл буруп жатат. Бул - анын кемчилиги.
Абдымомуновдун пикиринде, Шанхай уюмунун калыптануусу бир топ татаалдыктар менен коштолууда. Бул өз кезегинде ага мүчө болгон өлкөлөрдүн өзүнчө кызыкчылыктары бар экендиги менен шартталууда. Муну уюмдун регионалдык антитеррордук структурасынын аткаруу комитетинин кеңсесин адегенде Бишкекте жайгаштыруу болжолдонуп, андан кийин Ташкенге которуу да далилдеп турат, дейт Алишер Абдымомунов.
“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов Шанхай кызматташтык уюмунун максаты, табияты тууралуу буларды билдирди:
- Бул уюм коопсуздук, соода жана транспорттук байланыш багытында регионалдык кызматташууну көздөйт. Алар башында эле адам укуктарын коргойбуз, демократияны өнүктүрөбүз деген максат коюшкан эмес.
Жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин пикиринде, Шанхай уюмун Кытай уйгурлардын эгемендикке умтулган кыймылдарын басууга, өзбек бийлиги болсо ички оппозиция менен маселесин чечүүгө, ал эми Россия чечен жикчилдерине каршы күрөшкө пайдаланууда. Ал эми Алишер Абдымомуновдун пикиринде, глобалдык масштабдан алганда Шанхай уюму Кытай менен Россиянын АКШ үстөмдүгүнө каршы туруусуна кызмат кылууда.