11-сентябрдагы террордук кол салууну иликтеп жаткан көз карандысыз комиссиянын алдын ала жыйынтыгы президент Буштун сөздөрүнө карама-каршы келет. Буш Саддам Хусейн Усама бин-Ладен менен түздөн-түз байланышта тургандыгын жана бул - Иракка каршы согуш ачуунун негизги себеби болгонун кайталап келаткан.
Комиссия баяндамасында 1994-жылы Саддам бин-Ладен менен сүйлөшүү үчүн Ирактын чалгындоо кызматынын өкүлүн Суданга жибергенин, бирок диктатор бин-Ладендин көмөк жана колдоо сураган өтүнүчүн четке какканын билдирет.
Комиссиянын баяндамасында айтылгандай, Ооганстантандагы талиптердин кулаган өкмөтүн эске албаганда, «Ал-Каида» башка бир да өлкөнүн өкмөтү менен кызматашкан эмес, андай кызматташтыкты тастыктаган ишенчиликтүү таныктар табылган эмес.
Комиссиянын алдын ала тыянактары 11-сентябрдагы теракттар боюнча акыркы угуулар жүрүп жаткан учурда жарык көрүп отурат. Угууга катышкан күбөлөр мусулман соопчулук уюмунун кейпин кийип алып аракеттенген «Ал-Каиданын» иши кандайча жолго койулгандыгын баяндап жатышат. Суракка алынып жаткандардын бири - АКШнын федералдык прокуратурасынын прокурору Патрик Фицгеральд «Ал–Каида» АКШ жөнүндө терең кабардар экенин, ошон үчүн анын жөндөмүн этибарга албай койуу жарабастыгын айтат:
- «Ал-Каиданын» коркунучу жөнүндө сөз кылганда, биз оболу абдан акылдуу, жакшы машыккан жана чыдамкай адамдар менен арпалыша турганыбызды мойунга алуубуз абзел. Алар биздин ким экенибизди, биздин күчтүү жана чабал жактарыбызды жакшы билээрин эсибизге тутуп коюшубуз керек. Дагы бир нерсе, алар биздин чабал жактарыбызды эске алуу менен иш жүргүзүшөт.
Фицгералддын айтымында, «Ал-Каида» АКШнын Иммиграциялык кызматы кандайча иштээринен жакшы кабардар, ошон үчүн алар кишилерди өлкөгө кандай амал менен киргизип, аларды көзгө урунбагыдай кылып, карапайым элдин ичине сиңирип жиберүүнүн жол-жоболорун жакшы ийгеришкен.
Комиссиянын суроолоруна жооп берген дагы бир өкүл - АКШнын чалгындоо кызматынын өзүн "Доктор К" деп атаган бир өкүл "Ал-Каида" уюму Усама бин- Ладен өзү баш болуп карапайым элдин ишинимине ээ болуп, аларды өзүнө тарта билээрин баса белгилейт:
- Бин-Ладен өзүнүн программасын ачык айтып, андан тайбагандыгы менен өзүнө ишеним топтогон. Ал айтканында бек турат, бул ал жетектеген топко кай жерде болбосун иштөөгө жана топтун мүчөлөрүнүн ишенимге ээ болуусуна мүмкүндүк берет.
Көз карандысыз комиссиянын бин-Ладен менен Саддам Хусейндин ортосунда байланыш болгон эмес, "ал-Каида" Ирактын жардамысыз эле, өз алдынча аракеттенген, деген тыянагы иликтөөнүн жүрүшүндө табылган маанилүү таныктардын соңкусу гана. Мисалы, суракка алынган дагы бир өкүл көп жылдар бою Ак үйдүн контрчалгындоо кызматында иштеген Ричард Кларк андай байланыш таптакыр болбогонун, атүгүл, Бин-Ладен мусулманчылыкка баш оту менен берилбегендиги үчүн Саддамды жекирип келгенин айткан.
Бирок комиссиянын алдын-ала тыянактарына Ак үй анчейин деле таасирленбеген шекилдүү. Дүйшөмбүдө вице-президент Дик Чейни Ирак согушун актап, Саддам менен «Ал-Каида» илгертен эле алака курган, деп айтты. Ал эми Буш 16-июндагы билдирүүсүндө Иракта учурда жасалып жаткан террордук чабуулдардын айрымдарынын жоопкерчилигин Абу-Мусаб Ал-Заргави өзүнө алгандыгын, ал-Заргави болсо «Ал-Каида» менен байланышта турганын айтып, актанды.