Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

ҮНАЛГЫ, СЫНАЛГЫ БЕРҮҮЛӨРҮ ЖАЛАЛАБАДДЫКТАРДЫ КАНААТТАНДЫРАБЫ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабад областынын гана эмес, Ош, Баткендин жашоочулары да Өзбекстандын үналгы, сыналгы берүүлөрүнүн таасиринде калышат. Эл аны өзбек үналгы, сыналгы программаларынын кызыктуулугу менен түшүндүрүшөт. Көркөм жана мультфильмдерди өзбек тилинде көргөн жаш наристелердин тили бурулуп, улуттук иделогиянын өксүктүгүнөн кыргыздын үрп-адат, каада-салттары унутулуп баратат.

Областтын аймагында Өзбекстандын борбордук жана областтык үналгы, сыналгыларынын таасири күчтүү. Айыл-кыштактарга гезит убагында жетпегени аз келгенсип, жергиликтүү жана дүйнөлүк маалыматтарды Өзбекстандын сыналгысынан билгендерди угуу жаңылык болбой калды.

Жаш курагына жараша чыгарылган өзбек уктуруу-көрсөтүүлөрү чегаралаш айыл элин өзүнө тартып алууда. Натыйжада, Базаркоргон районунан Бакыт Сөлпиевдин оюна караганда, кыргыздын салты, тили, бийлик-саясаты унутулууда:

- Үрп-адат, салт-санаа унутулуп баратат. Кыргыздын тили жоголуп кетиши мүмкүн. Бийлиги менен саясаты таасирсиз… .

Кыргыз сыналгысынан расмий жаңылыктар менен "тегерек үстөл", талкуу, сапаты жарамсыз берүүлөр көрүүчүлөрдү тажатып жаткандай. Облбийликтин бөлүм башчысы Асият Баркитованын пикири боюнча, өтө саясатчыл кыргыз берүүлөрү көз карашын көпчүлүккө таңуулап, улуттук идеология эстен чыгып калды:

- Өзбекстандын телекөрсөтүүлөрүндө аялдар, балдар, жаштар, спорт, аскердик, салт-санаа программалары бар.

Тележурналист Кадыр Кошалиевдин айтымында, кыргыз бийлиги Фергана өрөөнүндөгү маалымат идеологиясын эске ала элек:

- Азыр Фергана өрөөнүндө маалымат согушу жүрүп жатат. Кыргызстандык көрүүчүлөр Өзбекстандын телесериалдарын көрүшүп, Кадамжай районунда жаш балдардын өзбекче сүйлөгөнүн угуп, ичимен кан өттү. Бул коопсуздук-маалыматтык маселе.

Кадыр Кошалиевдин ою боюнча, угуучу-көрөрмандарды Өзбекстандын таасиринен куткаруу үчүн жергиликтүү маалымат каражаттарын күчтөнтүү абзел.
XS
SM
MD
LG