Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

МАГАТЭ ИРАНДЫ СЫНДАГАН РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛДЫ


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик бүгүн (жума күнү) атайын резолюция кабыл алып, Иран бийлигин өзөктүк программасын көзөмөлгө алуу жаатында агенттик менен солгун кызматташып жатат деп кескин айыптады. Расмий Тегеран МАГАТЭнин ар кандай «реалдуу эмес» резолюциясы бул агенттик менен Ирандын өз ара кызматташтыгына кесепетин тийгизээрин мурдараак эскерткен.

Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк куралдарды көзөмөлгө алган башкы агенттиги – МАГАТЭ июндун 18инде Иранга карата атайын резолюция кабыл алды. Бир жагынан, анда Иранга каршы кандайдыр-бир экономикалык жаза колдонуу жөнүндө сунуш айтылбаган менен, экинчи жагынан, резолюцияда расмий Тегеран өзөктүк программаны көзөмөлдөөчү эл аралык адистер менен толук кандуу кызматташпай жатат деген өкүнүч айтылган.

Кошмо Штаттар Тегеран өзөктүк курал даярдоо чараларын тымызын түрдө жүзөгө ашырып жатат деп аны айыптап келет. Расмий Тегеран болсо – азыркы өзөктүк программа тынчтык максатта гана колдонулат деп ырастоодо.

Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер Иранга карата мындайча кинесин айткан:

- МАГАТЭнин баяндамасы көрсөткөндөй, Иран өзөктүк ишмердүүлүгүн жаап-жашыруу аракеттерин жасаган учурлар болгон. Бул – көп жылдар бою улантылып келди, маселен, жабдууларды көздөн далдаага жашыруу жана имаратты тазалай коюу далаалаттары да жасалган.

БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан да бейшембиде Иранды эл аралык агенттик менен терең кызматташууга чакырды.

- Мен Иранды МАГАТЭ менен биргелешип натыйжалуу иш алып барууга жана бул агенттикке берген убадасында турууга чакырам. Мындай болгон чакта биз бул аймакта мындан ары өз ара тирешүүдөн оолак болоор элек.

Ирандын президенти Мохаммад Хатами болсо шаршембиде (июндун 16сында) Тегеранда журналисттерге кайрылып, МАГАТЭге каршы төмөнкүдөй эскертүүсүн айткан:

- Эгерде агенттик мындай (өлкөбүздү) сындаган маанайдагы резолюцияны кабыл алчу болсо, анда Иран уранды байытууну токтото туруу жаатында эч кандай моралдык убаданы өзүнө албай кала” .

Франция, Британия жана Германия долбоорун биргелешип даярдаган МАГАТЭнин жаңы резолюциясын расмий Тегеран четке кагаарын Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази жума күнү (июндун 18инде) билдирди. Бирок ал Иран өкмөтү МАГАТЭ менен кызматташтыгын уланта берет деп да белгиледи.

АКШ болсо Ирандын өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу эл аралык милдеттенмени бузгандыгы тууралуу факт БУУнун Коопсуздук Кеңешинде атайын талкууланышы керек деп санайт.

XS
SM
MD
LG