Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

АКШнын 11-СЕНТЯБРДАГЫ АРАКЕТИ БАШАЛАМАН БОЛГОН


АКШда 2001-жылдын 11- сентябрындагы терракттардын чоо-жайын иликтеп жаткан көз карандысыз комиссия өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү ошол күнкү чабуулдун мизин кайтарууга даяр эмес болгон деп эсептейт. Комиссия бейшембиде өзүнүн коомдук угууларын аяктады. Эми анын корутунду доклады келерки айдын соңунда жарыяланганы жатат.

Комиссия алдын ала докладында граждандык жана аскерий авиацияны тейлеген адамдардын ортосундагы начар координациядан улам ошол күнкү окуяларды туура түшүнүү болгон эместигин белгилейт. Атап айтканда, АКШдагы коммерциялык авиакаттамдарды көзөмөлдөгөн федералдык мекеме тарабынан аскерий авиацияга жетиштүү маалымат берилген эмес. Натыйжада аскерий учактар террорчулардын колуна өтүп кеткен учактарды атып түшүрүү үчүн абага өз убагында көтөрүлө албай калган.

Террорчулардын карамагына өткөн төрт учактын экөөсү Дүйнөлүк соода борборунун Нью-Йорктогу имаратын сүзгөн, үчүнчүсү Вашингтондо Пентагондун имаратына, төрүнчүсү Пенсильвания штатында талаага кулаган эле. Төртүнчү учактын талаага кулашы көбүнесе андагы жүргүнчүлөрдүн аракетинен улам болгон деп жоромолдонот.

Көз карандысыз комиссиянын өкүлү Филип Зеликов анын бейшембидеги соңку коомдук угуусунда 11- сентябрдагы жагдайды мындайча мүнөздөдү:

-Түндүк Американын аба-мейкиндигин коргоо командачылыгы жана Федералдык авиациялык администрация АКШга каршы 2001-жылдын 11-сентябрында жасалгандай чабуулга даяр эмес болгон. Алар мурда эч качан кезикпеген жана машыкпаган коркунучтан мекенди коргоо үчүн өтө татаал шарттарда күрөшкөн.

Филип Зеликовдун айтканына караганда, президент Жорж Буш ошол учурда Вашингтондо жок болгон. Ошондуктан террорчулар учактарды кондуруу жөнүндө талапты аткарбаса, ал учактарды атып түшүрүү тууралуу буйрукту вице-президент Дик Чейни берген. Бирок АКШнын түндүк-чыгышынын аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн күчтөрдүн командачысы буйрук аларга тиешелүү экендигин аңдап –билбегендиктен, аны учкучтарга учурунда жеткирген эмес.

АКШ армиясындагы штаб-башчыларынын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Ричард Майерс комиссиядагы көрсөтмөсүндө 11-сентябрдагы чалды-куйдулуктун бир бөлүгүн мекемелер ортосундагы начар координацияга эмес, саясатка байланыштырса болоорун белгиледи:

-Биздин аскерий доктрина ал учурда мыйзамда, саясатта, иш жүзүндө каралгандай, тышкы коркунучтарга, биздин чек аралардын сыртынан келген коркунучтарга жооп берүүгө бурулган. Ага карабай, 11-сентябрда биз коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өкмөттүк планды өтө жакшы аткардык. Биздин кызматчылар жогорку кесипкөйлүгүн, ийкемдүүлүгүн, баардык деңгээлде чечим кабыл алууга жөндөмдүүлүгүн көргөздү жана мен буга сыймыктанам.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG