Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:17

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАДЫРЫ КАЛЫБЫНА КЕЛЕ БАШТАДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирак согушун баштоого Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин колдоосун алалбагандан кийин АКШ менен Британия андан обочолонуп калышкан эле. Бирок уюмдун өткөн жумада Ирак боюнча бир добуштан кабыл алган резолюциясы Коопсуздук кеңешинин эл аралык беделин кайрадан көтөргөндөй болду. Эксперттер кеңеш ичиндеги орчундуу пикир келишпестиктерге карабастан, ал эл аралык саясаттагы ордун сактап кала алгандыгын айтышат.

Ирак боюнча соңку резолюциянын кабыл алынышын дипломаттар менен эксперттер Коопсуздук кеңешинин акыркы убакта солгундап кеткен беделинин калыбына келе баштагандыгынын белгиси катар сыпаттап жатышат. Резолюциянын бир добуштан кабыл алынганына кубанган Кофи Аннан бул окуя Иракта жөндөмдүү өткөөл өкмөттү түзүү үчүн АКШ Улуттар уюмунун колдоосуна муктаж экенин айкын айгинелеп койгонун ынануу менен белгилейт.

Бирок Улуттар уюму боюнча эксперттер Ирактагы татаал өткөөл мезгил учурунда АКШ Коопсуздук кеңешинин колдоосуна муктаж эле. Андай колдоого эгедер болуу үчүн Кошмо Штаттар колунан келген аракеттенин баарын жасады. Соңку резолюция бир добуштан кабыл алынганы менен, кеңештин туруктуу мүчөлөрүнүн Ирак согушуна карата көз карашы өзгөргөн жок. Резолюция болгону Ирак маселесинде карама каршы көз карашта болгон туруктуу мүчөлөрдүн ортосундагы жараканы жымсалдап койду, деп билдирет эл аралык Тынчтык академиясынын эксперти Дэвид Мэлон:

- Ирак маселеси Улуттар уюмунун ролун пастатып, АКШнын эл аралык абройуна шек келтирди. Ирактан эч ким жеңүүчү болуп чыккан жок. Бул маселеде Россия менен Франция деле кыйратып жиберишпеди. Ирак маселесинде баардык тараптар чак-челекей түштү.

Ирак маселеси боюнча мындан мурда кабыл алынган эки резолюция Ирактын оккупациясын мыйзамдаштырып, АКШ баштаган коалицияны Иракты кайра курууда уюмга чечүүчү ролду ыйгарууга үндөгөн. Бирок Россия, Франция жана Германия өлкөгө тынчтык күчтөрүн жиберүүдөн караманча баш тартышкан.

Тышкы байланыштар кеңеши деп аталган көз карандысыз саясий институттун эскперти Мах Буут акыркы резолюциянын кандай роль ойноору жөнүндө кеп кылуу, азырынча эрте экенин айтат:

- Бул Коопсуздук кеңешинин Ирак боюнча кабыл алган үчүнчү резолюциясы. Алгачкы экөөнүн кабыл алынышы орток аракеттин илгерилешине көп деле салым кошо алган эмес. Акыркы резолюциянын натыйжасы кандай боло турганын убакыт көрсөтөт. Арийне резолюцииянын бир добуштан кабыл алынганы, анын дегеле кабыл алынганы жакшы. Бирок анын кабыл анышы эле өлкөлөрдүн Ирак маселесине болгон мамилесин жана Ирактагы реалдуулукту жомоктогудай өзгөртүп жибербейт.

Улуттар уюмунун дипломаттары Ирак маселесиндеги карама- каршылыктар, кеңешке мүчө өлкөлөрдүн өз ара кер-мур айтыша кеткени Улуттар уюмун башка маанилүү маселелерден алагды кыла албаганын, кеңештин мүчөлөрү Африкадагы бейпилдик операцияларын кеңейтүү,Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, Иранды МАГАТЭ менен кызматашууга көндүрүү сыяктуу суроолордо алгылыктуу иштерди жасаганын белгилешет. Франциянын Улуттар уюмдагы өкүлү Де ля Саблиер:

- Ирак кризиси орун алган убакта биз башка бир катар маселелерде АКШ менен Франциянын жигердүү кызматташуусуна жетишкенибизди унутпообуз керек. Мисалы, ядролук куралдарды таркатпоо боюнча жалпы келишим боюнча, айрым делегациялар, атап алсак, АКШ менен Франция абдан жакшы кызматташа алышты,- деп айтты.

XS
SM
MD
LG