Акыркы мезгилде террорчулар өз талаптарын дүйнөлүк саясатчыларга жеткирип, өз аракеттерин элге көрсөтүү үчүн интернетти кеңири колдоно баштады. Май айында Иракта да бир америкалык жаран Николас Берг кантип мууздалганын да террорчулар интернет аркылуу көрсөткөн.
Бул жолу алар "Апачи" аттуу аскерий тик учмаларды чыгарган "Мартин Локхид" аттуу америкалык компаниянын инженери Пол Маршал Жонсонду дүйшөмбү күнү Сауд Арабияда барымтага алган. Анын эртеси террорчулар бул тууралуу атайын жарыя жасап, үч күндүн ичинде өлкөнүн абактарында жаткан жети жүзгө жакын террорчу бошотулуп, чет өлкөлүктүн баары Сауд Арабиядан чыгып кетпесе, Жонсондун башы алынаары тууралуу билдирген. Жума күнү алар өз убадасын аткарды жана Жонсондун кесилген башын интернет аркылуу көрсөттү.
Сауд Арабиянын Вашингтондо иштеген дипломаты Адел ал-Жубердин айтымында, мындай мыкаачылыкты эч нерсе менен актоо мүмкүн эмес:
- Күнөөсүз адамдын мынчалык мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн Сауд Арабиянын эли ачуулануу менен кабыл алды. Бул окуя биздин сай-сөөгүгбүзгө чейин жетти. Мындай мыкаачылыкка барган жүрөгү жоктордун мусулманчылыкка эч тийешеси жок. Алардын аракеттерине актоо жок.
АКШ президенти Жорж Буштун пикиринде, америкалык атуулдарды өлтүрүү менен террорчулар Вашингтонду коркутууга аракеттенүүдө, бирок АКШ коркпойт жана күнөөлүлөрдү таап, жазалайт:
- Жонсондун өлүмүн эч нерсе менен актай албайсың. Алар аны өтө канкордук менен өлтүрүштү. Алар башка да америкалыктарды өлтүргөнгө жеткирбестен, биз эми күнөөлүүлөрдү таап, аларды соттошубуз керек.
Абдул Азиз ал-Мукрин жетектеген террорчулар тобу “Жонсонду биз мууздадык” деп жарыялады. Алардын айтымында, "Апачи" тик учмалары мусулман шаарларына бомба таштаганда карапайым калк эмнени сезсе, эми америкалыктар дагы ошону сезүүгө тийиш. Ошондуктан америкалык туткунга түшкөн адамдар кандай кызыл кийимге кийгизилип салса, Жонсонго дагы ал мууздалаар алдында ошондой кызыл кийим кийгизилген.
"Ройтерс" маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, башы алынган Жонсондун денесин мыкаачылар Сауд Арабиянын борбор калаасы Эр-Рияддын көчөлөрүнүн бирине орнотуп коюуга аракеттенгенде, аларды коопсуздук кызматтары байкап калып, курчоого алган жана андан куралдуу кагылышуу чыгып, үч террорчу өлтүрүлүп, алардын дагы ондон ашыгы туткунга алынган.
Өлгөндөрдүн арасында "ал-Каида" уюмунун Сауд Арабиядагы бөлүмүнүн жетекчиси Мукрин дагы бар деп айтылууда. Бирок анын жактоочулары аны төгүнгө чыгарды жана эгерде Мукрин чындап эле өлтүрүлсө, анда Сауд Арабияда элдик козголоң чыгат деп билдиришти. Анткен менен өлкөнүн сыналгысы Мукриндин сөөгүн көрсөттү.
31 жаштагы Абдул Азиз ал-Мукрин эр-Риядда туулган жана 17 жашынан тартып террорчуларга кошулуп кеткен. Усама бин Ладен менен кошо ал Ооганстанда согушкан, андан соң Алжир, Босния жана Сомалидеги куралдуу кагылышууларга радикал мусулмандар тарабында катышкан. 1990-жылдарда ал Эфиопияда кармалып, төрт жылга эркинен ажыратылууга кесилген, бирок эки жылдан кийин мунапыс алып, Сауд Арабияга өткөрүлүп берилген.
Былтыр ноябрда эр-Рияд шаарында 17 адамдын өмүрүн алган жардырууну жана үстүбүздөгү жылдын май айында Хобар шаарында 22 адамды өлтүргөн террор аракетин Мукрин даярдаган деп айтылууда.