Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:54

ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАМЫЛГАЛАР


Төрөкул Дооров, Москва Күзүндө Чеченстанда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчылыгына атсалышууга каалоосун 11 адам билдирди. Байкоочулардын баамында, бул жолку шайлоонун тагдыры эмитен эле чечилип калды.

Азыр шайлоого камылга күчөгөн учур. Чеченстандыктар жер-жерлерде шайлоо участкаларын даярдоого киришти.

Бүгүнкү күнү өзүн «президенттик так үчүн күрөшкө даярмын» деп эсептегендердин саны 11 адамга жетти. Талапкерлердин катары, айрым маалыматтарга ылайык 20 адамга чейин жетиши мүмкүн. Кантсе да, алардын ичинде негизги көңүл азырынча бир эле адамга – Алу Алхановко бурулуп калгандай туюлат.

Алу Алханов – Чеченстандын ички иштер министри. Ушул жылдын 9-майында жардыруудан каза тапкан Чеченстандын президенти Ахмад Кадыровдун жакын адамдарынын бири. Аны «кадыровчулар» колдоп чыгышты. Алханов азырынча шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыла эле. Президенттик шайлоого катышуу ниетин, эң алгач, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге билдирип, анын макулдугун алууга ашыкты.

Алу Алханов:

- Күрөш канчалык татаал болгон сайын, жеңиш да ошончолук баалуу болот деп ойлойм.

Путин да Алхановду республикадагы коомдук тартипке көзөмөлдү күчөткөндүгү үчүн мактады. Андан сырткары, орус президенти Алхановко элге согуш учурунда жоголгон мүлкүн кайтарып берүү ишине да такай көз жүгүртүп туруу милдетин жүктөдү.

Ошентип, Алу Алханов президенттикке ат салышууга камынып жаткандардын арасында Кремлдин да, «кадыровчулардын» да, анын үстүнө мүлктү кайтаруу иши боюнча чечен элинин да колдоосуна ээ боло турган жалгыз талапкер. Андыктан, көптөгөн жергиликтүү байкоочулар аны эмитен эле «Чеченстандын президенти» деп атай башташты.

Ошол эле учурда бул жолку шайлоодо кичине болсо да, атаандаштык болоору мүмкүн экендиги да айтылууда. Анткени, айрым аналитиктер чечен жикчилеринин президенти Аслан Масхадовдун да бул шайлоого катышуусу мүмкүн экендиги тууралуу кеп кылышууда.

Масхадов өзү «Азаттыкка» берген интервьюсунда бул өңдүү мифтерди четке кагат:

- Мен кезинде Орусия өкмөтү жана эларалык коомчулук тарабынан таанылган элдик шайлоодо президент катарында тандалгам. Андагы шайлоо мыйзам чегинде көз карандысыз байкоочулардын катышуусу менен өткөн. Мен эгерде бул жолку шайлоодо президенттикке кайрадан аттанып чыга турган болсом, анда өзүмдүн адамдарыма каршы туруп калмакмын жана алар үчүн саткынга айланмакмын. Бул мен үчүн өзүмдүн өлкөмдү кыйратып, жок кылуу дегенге барабар.

Масхадовдун ишениминде, ушул тапта орусиялык бийликтер жана чечен жериндеги федералдык куралдуу күчтөр жоочуларды жок кылуу боюнча мурдагыдай алкактуу операцияларды өткөрбөй калышты. Мунун маанисин Масхадов «эл эми өзүн-өзү жейт» деп түшүнөөрүн айтат. Анткени ушул тапта чеченстандыктар экиге бөлүнүп турушат. «Бир тарабында жергиликтүү бийликтерди, Кадыровдун командасын колдогондор, ал эми экинчи тарабында «моджахеддер». Ушул тапта орусиялык бийликтер аталган эки топтун ортосунда чатакты чыгаруу аракетин көрүп жатышат», - деп эсептейт Аслан Масхвдов.

XS
SM
MD
LG