Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Н.ТАНАЕВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛО АЛАБЫ?


Кыргызстандагы «Социнформбюро» социологиялык кызматы Бишкектин тургундарынын арасында президенттикке татыктуу талапкерди аныктоо максаты менен жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыя кылды. Анын жыйынтыгы боюнча биринчи орунга азыркы өкмөт башчы Николай Танаев чыкты.

Сурамжылоо май айында Бишкектин тургундарынын арасында эки маселе боюнча жүргүзүлгөн. «Эгер жакынкы жекшембиде президенттик шайлоо болсо кимге добуш берет элеңиз?» деген суроо алгачкысы. «Социнформбюро» социологиялык кызматынын жетекчиси Айганыш Абылгазиеванын билдирүүсү боюнча, суроого Бишкектин 673 тургуну жооп берген. Алардын сыноосуна мамлекет башчы болууга ат салышам деген жана президент боло алат деп аты эл оозунда аталган 25 саясатчы киргизилген. Мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу тизмеге Аскар Акаев жана «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов соттолгон үчүн киргизилген эмес. Жоопторду ылгоодо суралгандардын жынысы, жашы жана улуту эске алынган.

Жооп бергендердин үчтөн бири такыр эле добуш берүүгө барбай тургандыгын же тизмедеги талапкерлердин бирин да шайлабай тургандыгын билдиришсе, көбү добушун Николай Танаевге бере тургандыгын айтышкан. Натыйжада, Танаев 6,8 упай топтоп, алдыңкы орунга чыккан. Айганыш Абылгазиева анын себеби тууралуу өз оюн төмөнкүчө билдирди:

- Чынымды айтсам, кээ бир жыйынтыктар мен үчүн да күтүүсүз болду. Маселен, Танаев биринчи орунга чыгат деп ойлогон эмесмин. Демек, коомдун пикири ушундай. Биз сурамжылоодо орус, кыргыз жана башка улуттардын катышын бирдей кылууга аракет кылганыбыз. Менимче, буга улуттук көз караш таасир берди окшойт. Орус тилдүү калктын көбү Танаевди колдошот окшойт, Танаев Мадумаров же Текебаевге салыштырмалуу аларга өз адамы катары сезилет окшойт. Анткен менен бул жерде борбордо турган кыргыздардын деле Танаевди колдогону кызык болду. Менин оюмча, Бишкектин тургундарын бир нерсе кооптонтуп турат көрүнөт. Ал президенттикке түштүктөн чыккан саясатчы келсе «кыргызбайлык» деген көрүнүш көбөйөт деген көз караш.

«Социнформбюро» кызматынын жетекчиси Айганыш Абылгазиева өзү жетектеген уюм көз карандысыздык, калыстык, бейтараптык жана илимий негиздүүлүк принциптерин кармануу менен иш алып бараарын айтат.

Депутат Өмүрбек Текебаев сурамжылоонун жыйынтыгына ынанбай, ал - элдин көңүлүн алагды кылуу үчүн атайылап жасалган аракет катары баалайт:

- Социологиялык иликтөө жүргүзгөн бул уюмдун артында саясий күчтөр бар. Мындай иликтөөнү биз партиянын ишине пайдалануу үчүн кварталына бир жолу жүргүзүп, Бишкекте турган 2 миң адамды сурамжылайбыз. Анын жыйынтыктары таптакыр башка. Сурамжылоонун туура эмес экендигинин дагы бир көрүнүшү - эч бир чөйрөгө таанымал эмес Танаевдин президенттикке татыктуу адам деп биринчи орунга чыгып калганы. Демек, бул сурамжылоо жасалма экендигин далилдеп турат. Эгер башка бир адам биринчи орунга чыкса мен чындыкка жакын деп эсептейт элем. Буга эч ким ишенбейт. муну атайын саясий максатты көздөгөн аракеттин жыйынтыгы деп эсептейм.

Ал эми сурамжылоо тизмесине кошулган саясатчылардын бири, депутат Адахан Мадумаров борбордун тургундарын түштүктөн чыккан саясатчынын президент болуусу кооптонтуп турат деген ойду четке кагып, андай пикир карапайым эл арасында жок экендигин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Мен айтып коёюн, мындай ой элдин арасында жок. Ал аткаминерлердин арасында бар. Бүгүнкү расмий бийлик коркутуп-үркүтүү жолу менен ушундай сөздөрдү таратканга тажрыйбалуу болуп калды. Мен Талас, Ысыккөл, Нарынга деле барып, эл менен жолугушуп жүрөм, эл арасында мындай эч бир түшүнүк жок.

Ал эми Бишкекте жашаган ишкер, «Азат» корпорациясынын жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстандын элин мындай сурамжылоолордун жыйынтыгы кызыктырбайт жана ал келерки президенттик жана парламенттик шайлоодо элдин көңүлүн алагды кыла албайт деген пикирде:

- Бизде социологиялык илим жокко эсе. Алар кимди изилдеди, чындап эле элдин орто катмарынын пикирин билдиби же билбедиби, ким билет? Менин оюмча, биринчи орунга премьер-министр чыккандан кийин бул туура эмес эле изилдөө болгон го… Анткени, экономикада же башка тармакта өкмөттүн алга сүрөй турган, колдой турган иши жок болуп жатпайбы. Ошон үчүн бул сурамжылоо элге таасирин деле тийгизбейт.

Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев президенттик шайлоого чейин али убакыт көп экендигин жана мындай сурамжылоо эртелик кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG