Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

АНКЛАВ АРКЫЛУУ АРАҢ ӨТӨСҮҢ


Сох анклавы аркылуу Оштон Баткенге каттаган Кыргызстандык жүргүнчүлөр өзбек чегарачылары жана бажы кызматкерлери тарабынан көп кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Айрыкча, паспорту Бишкек шаарында же Кыргызстандын түндүк аймактарында катталган атуулдарга кыйын. Алардан чегарачылар Өзбекстандын аймагына кирүүгө атайын уруксат - виза талап кылып кыйнашат.

Ош-Баткен жолу менен ары-бери каттоо мезгилинде Кыргызстандык атуулдар Өзбекстандык чегарачылар жана бажы кызматкерлери тарабынан көп кыйынчылыктарга дуушар болушаарын дайыма айтып келишет. 250 чакырым келген жолду тең бөлүп, Өзбекстандын Сох анклавы жайгашкан. Кыйынчылыктын баары ушул жерде. Баткен облусунун тургуну Алмаз Абдуллаевдин айтымында постто турган өзбек чегарачылардын жүргүнчүлөрдүн жүктөрүнөн өйдө текшерип, кийлигишүүсү көп учурда жагымсыз жагдайларга алып келет:

- Төрт сааттык жолдун көп убактысы чегарада жана бажыда өтөт. Бала-чака менен, жүк менен кетип баратканда өзгөчө кыйын. Шашып кетип бараткан болсоң да, Сох анклавына кирип-чыгуу учурунда көпкө кармалып, кечигип калган учурлар көп эле болот. Мунун баары оңбогондой чыгымдарга алып келүүдө.

Сох анклавы аркылуу өткөндө өзгөчө паспорту Бишкек шаарында же Кыргызстандын түндүк облустарында катталган жүргүнчүлөр үчүн кыйын. Коңшулардын чегарачылар алардан атайын өзбек элчилиги тарабынан берилүүчү визаны талап кылышат. Бул тууралуу Баткен шаарынын жашоочусу Талант Төрөкулов минтет:

- Чегарадан киргенде да, чыкканда да Өзбекстандык аскерлер сөзсүз түрдө паспорттун катталган жерин карайт. Эгерде катталган жери Баткен, Жалалабат, Ош облустарында эмес болсо, анда өткөрбөйт. Виза сурайт. Бир-эки саат кармашып, анан акырында акча алып өткөрүшөт.

Кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн минтип азап чегишине жогорку бийликтин алсыздыгы себеп болууда деген ойлор айтылып жүрөт. Мындай пикирди Талант мырза да билдирди:

- Менин оюмча, мунун баары мамлекетибиздин алсыздыгынан келип чыгып атат. Биздин бийликте турган аким, губернатор же президентибиз жолдорун таап, Өзбекстандын бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул кыйынчылыктарды токтотсо жакшы болмок. Аягында келип эле карапайым адамдар кыйналып жатышат.

Ош-Баткен жолундагы Өзбекстандык чегарачылар жана бажы кызматкерлери тарабынан жасалып жаткан жасалма кыйынчылыктар боюнча тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Бектур Адановго кайрылдык:

- Кыргызстан менен Өзбекстандын макулдашуусуна ылайык Өзбекстан менен чектеш жайгащкан райондордун жашоочулары беш суткага чейин Өзбекстандын аймагында жүрө алышат. Ал эми башка райондордо жашагандар үч суткага же 72 саатка чейин визасы жок эле, транзит түрүндө Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын бир жеринен экинчи жерине өтүүгө акылуу.

Борбор Азиядагы чегарадагы кыйынчылыктарды жоюу үчүн БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар бир топ иштерди жасашууда. Бектур Адановдун билдиргенине караганда, аталган эл аралык уюмдар чегарачыларга жана бажы кызматкерлерине мыйзамдарды, келишимдерди окутуп, үйрөтүүчү семинарларды өткөрүүнү көздөп жатышат. Анткени чегара постторунда турган кызматкерлер мамлекеттер ортосунда түзүлгөн келишим, макулдашуулар менен тааныш эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG