Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫМБАТТАДЫ


Өлкөнүн түштүк облустарында оруп-жыйноо өнөктүгү башталды. Ошол эле учурда, айыл чарба техникаларына керектелүүчү күйүүчү май кымбаттап, айрым жерлерде көк майдын (солярка) литри 15-16 сомго чыгып кетти. Бул болсо дыйкандарга кошумча кыйынчылыктарды алып келүүдө.

Оруп-жыйноонун убагы башталып, түштүктүн айрым жерлеринде күздүк буудайга комбайн түштү. Бирок дыйкандар күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигин айтып, нааразы болушууда. Бир ай мурун 10-11 сом болуп жаткан солярканын бир литри Ошто 13 сомго, Жалалабад шаарында 14, ал эми алыскы айыл жерлеринде 16-17 сомго чейин көтөрүлдү. Суулуу жердеги бир гектар буудайды оруу үчүн комбайнга 20 литрге жакын күйүүчү май сарпталат. Ал эми кайрак жерлердеги айдоо аянттарына андан да көп кетет. Күйүүчү майдын минтип кымбаттап кетиши эгиндин өз убагында орулбай калуусуна алып келип, дыйкандардын мээнети күйүп кетиши мүмкүн.

Ошондуктан бүгүнкү күндө фермерлер жана айрым айыл өкмөт башчылары күйүүчү майды Бишкектен жана Чүйдөн алып кетип, эгин ордурууга аргасыз болуп жатышат. Жалалабад облусунун Сузак районундагы Каралма айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Эрматовдун сөзүнө караганда, Чүйдөн алпарган күйүүчү май негизинен айыл өкмөттөрүндөгү ортолук фонддун жерлерине айдалган эгинди орууга жумшалат. Бирок ошол эле учурда жеке дыйкандарга да өз баасында берилет. Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кеңешбек Казакбаев күйүүчү май канчалык кымбаттаса да аны сатып алып, эгинин ордурууга аргасыз:

- Күйүүчү май кымбаттаса да сатып алып эгинди оруп-жыюуга аракет кылабыз да. Маңдай тер менен эгилген эгинди кантип талаага таштайбыз. Мен үй-бүлөбүздүн отуз теше үлүш жерине буудай сепкем. Ошол жерден бир жарым тонна буудай алам деп турам.

Эгин ордурууда дыйкан күйүүчү майга гана чыгым болбостон, комбайнчыга да алган түшүмүнүн 10-12% акы катары төлөп бериши керек:

- Күйүүчү майдан тышкары, айыл өкмөтүнүн комбайндары эгинди оруп бергени үчүн дыйкандардын түшүмүнүн бир бөлүгүн алып коюшат. Мисалы, алынган түшүмдүн 100 килосунан 12 килограммын ошолорго беребиз.

19-июнда жазгы талаа иштери боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анда оруп-жыйноо иштерине даярдык начар экендиги айтылды. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр-жай министри Александр Костюктун билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө резервде талап кылынган күйүүчү жана майлоочу майдын 40% гана даярдалган. Бул да оруп-жыйноо мезгилинде күйүүчү майдын баасынын мындан дагы жогорулашына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан өкмөт башчысы Николай Танаев күйүүчү жана майлоочу майларга муктаждыктарды канааттандырууну тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министринин 1-орун басары Абдымалик Анарбаев мындай дейт:

- Өкмөттүн чечими менен резервге дагы он миң тонна күйүүчү май сатып алына турган болду. Эгерде оруп-жыйноо мезгили башталган кезде республиканын базарларында күйүүчү май кымбаттап кетсе, аны алып чыгып, дыйкандарга арзан баада беребиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG