Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

ЕВРОБИРИМДИКТЕ ЭМНЕ КЕП?


Азиза Турдуева, Прага Европа Биримдиги кеңейтилгенине эки айга жетпеген убакыт өттү. 16 адамдан турган эксперттер тобу Евробиримдикке кирген 25 өлкөнүн жетекчилерине жана өкмөттөрүнө улуттук азчылыктарды коргоону жакшыртуу жана байыркы маданиятты сактап калуу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүүнү талап кылып кайрылышты. Алар мындай демилгесин “Болзано” декларациясы деп аташты.

Эгерде Сиз Англиянын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Корнвол (Cornwall) дубанында болсоңуз, анда сиз ал жерде байыркы корнвол тилинде сүйлөгөн аз гана сандагы адамдар бар экендигине күбө болосуз. Ал эми Испаниянын Галиция аймагын кезе турган болсоңуз, ал жерде галиция тилинде жаза алган чакан эл жашайт. Испанияда мектеп окуучулары галиция тилинде сабак алганына карабастан, бул тилде сүйлөйм деп алар баш оорутушпайт. Бул - Европадагы байыркы маданияттардын жок болуу коркунуч алдында тургандыгынын эки гана мисалы.

Учурда Европа Биримдигинин алкагындагы өлкөлөрдүн улуттук азчылыктар проблемалары боюнча иликтеген көптөгөн аналитиктер Европадагы аз сандуу улуттардын маданиятын бара-бара азыркы замандын шарына туруштук бербей, жок болуп кетишине жол бербөө боюнча иш-чаралардын көрүлүшүнүн зарылдыгын белгилешүүдө.

“Болзано” деп аталган декларацияда жоголуп бараткан байыркы маданияттарды сактап калуу гана эмес, ошондой эле талаш-тартыш туудурган аз сандуу топтордун, мисалга алсак, Европада жашаган мусулмандар коомчулугу, сыган жана синти жамааттарынын жашоо шарттарын, укуктарын коргоону жакшыртуу максатын да көздөөдө. Анда Биримдиктин жетекчилиги анын аймагында жана Евробиримдиктен сырткары жерлерде жашаган аз сандуу улуттардын кызыкчылыгын коргоо жараянына таасир жана көмөк көрсөтүүгө тийиш деп да айтылган.

Адистер Европа Биримдиги бул уюмга мүчөлүккө жаңыдан кирген 10 өлкө менен алар мүчөлүккө өтөөрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан мезгилде, талапкер мамлекеттердеги аз сандуу улуттардын кызыкчылыктарын, жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жигердүү иш-аракеттер көрүлгөнүн да эске салышууда.

Италиянын Болзано шаарында жайгашкан Европалык академиянын эксперти Габриел фон Тоггенбург бул маселеге байланыштуу мындай дейт:

- Биримдиктин алкагында маданий жана улуттук түрдүүлүккө умтулуунун эки себеби бар. Биринчиси - уюмга май айында жаңы өлкөлөр киргенден кийин, улуттук топтордун кызыкчылыктарын, укуктарын коргоо боюнча, буга чейин Биримдиктин кеңейишинин алдындагы учурдагыдай көңүл бурулабы же жокпу, же Биримдиктин бул тармакка байланыштуу саясаты кайра жанданбай кала береби - белгисиз.

"Экинчиден, - дейт италиялык аналитик фон Тоггенбург, - “Болзано” декларациясын колдоонун зарылдыгы учурда Европа Биримдигинин Конституциясын кабыл алуу аракеттерине да байланыштуу. Анткени, декларацияда Биримдиктин Конституциясында улуттук азчылыкты түзгөн топтор боюнча кепилдиктерди киргизүү маселеси да көтөрүлүүдө".

Адам укуктары боюнча көптөгөн эл аралык уюмдардын эксперттери белгилешкендей, улуттук азчылыктарды коргоо олуттуу көйгөй. Европа Биримдигинин алкагындагы 450 млн. калктын ичинде эле 150гө жакын улуттук азчылыктарга жана башка топторго таандык 50 миллиондой адам жашайт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кызматкери Нейл Мелвин улуттук азчылыктарды коргоо маселесиндеги таңкалыштуу бир көрүнүштү, тактап айтканда, Евробиримдикке жаңыдан кирген өлкөлөрдө анын мурдагы мүчө-мамлекеттерине караганда аз сандуу улуттарды коргоо стандарттары жогорураак тургандыгын белгилейт:

- Чындыгында эле, эреже катары стандарттар батыштан чыгышка үлгү болчу, бирок чыгыш өлкөлөрдөгү айрым оң тажрыйбаларды Европа Биримдигине мурдатан мүчө болгон айрым өлкөлөргө да жайылтуу абзел.

ЕККУнун дагы бир өкүлү Салли Холт болсо биз сөз кылып жаткан улуттук азчылыктар маселесине байланыштуу өзүнүн мындайча пикирин ортого салды:

- Адам укуктарын жана азчылыктардын укуктарын коргоо боюнча кандай гана стандарттар болбосун, аларды өнүктүрүү - оң көрүнүш. Ал эми Европа Биримдигинин кеңейиши, анын өнүгүшү бул уюмга кирген өлкөлөр үчүн гана эмес, ошондой эле аны менен чектеш жайгашкан өлкөлөр үчүн да пайдалуу.

XS
SM
MD
LG