Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

КОМИТЕТ ӨКМӨТТҮН ИШИН ЖАКТЫРДЫ, БИРОК ТАНАЕВДИ СЫНГА АЛДЫ


Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана конституциялык мыйзам комитети бүгүн (дүйшөмбүдө) кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылдагы ишинин отчетун кароону сессияга сунуштады. Маселени комитет премьер-министр Николай Танаевдин катышуусунда талкуулап, ага канааттандыраарлык баа берди. Бирок айрым депутаттар өздөрү принципиалдуу деп санаган бир катар маселелер боюнча премьер-министрди сынга алышты.

Өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча премьер-министр Николай Танаевдин отчету комитетте суроо-жооп түрүндө талкууланып, анда негизинен айыл-чарба тармагындагы проблемаларга маани берилди. Мындан тышкары сууга жана энергетикага байланыштуу кошуна мамлекеттер менен алакалардагы оош-кыйыштар да бул отурумда депутаттар учкай козгогон маселелердин бири болду. Маселен, депутат Тойгон Калматов Өзбекстан менен Казакстандын суранычы боюнча былтыр кышта Үчкоргон ГЭСинде суунунун өлчөмүнүн азайтылышы Кыргызстанга канча чыгым алып келгендигине кызыкты. Өкмөт башчынын айтымында, ГЭСтен чыккан суунун өлчөмүнүн азайтылышы чоң чыгым алып келген жок:

- Эгер биз Казакстан сурангандай акырына чейин сууну кармап турсак, болжол менен 200 миллион сомго жетмек, бирок биз болгону бир жума кармап тургандыктан, ал 12 миллион сомго жакын болду. Муну алар кайтарып беришет, макулдашуу бар.

Сессияда премьер-министрдин отчетун угууда буга чейин кыйла талаш-тартышты жараткан маданий-административдик-ишкер борбордун курулушуна байланыштуу маселе да кайра көтөрүлүшү ыктымал. Мындай ойго түрткөн талаш бүгүн комитеттеги талкууда жаралды. Айрым депутаттардын айтымында, парламенттин жазында чыгарган токтомуна карата өкмөт өз бүтүмүн алигиче бере элек.

Эл өкүлдөр жыйыны жазгы сессиясында өкмөттүн Бишкек шаарында административдик-маданий-ишкер борбор куруу тууралуу демилгесин талкуулап, анын курулушунун жана ага карата инвестициялык конкурстун мыйзамсыздыгын белгилеген токтом чыгарган. Бирок кийинчерээк премьер-министр Николай Танаев маалымат каражаттарына берген интервьюларында бул багытта өкмөт караманча мыйзам бузбагандыгын, парламенттин токтомунун негизсиздигин белгилеп, ага карата бүтүмүн бергендигин билдирген. Өкмөттүн бүтүмү Жогорку Кеңешке тапшырылганын премьер-министр комитеттин бул жолку отурумунда дагы бир ирет айтты. Бирок ал депутат Жаныш Рустембековду ынандырган жок:

- Биз бүтүмдү али ала элекпиз. Мен отчетто бул маселе боюнча маалымат беришиңизди сизден расмий түрдө сурайм.

Жаныш Рустембековдун айтымында, Танаев өз интервьюларында Эл өкүлдөр жыйыны коомчулукка каршы аракеттерди жасап жаткандыгын белгилеген. Премьер-министр болсо депутаттын суроолоруна берген жообунда мындай билдирүү жасабагандыгын бир нече ирет кайталады:

- Эч качан, эч жерде мен Эл өкүлдөр жыйынынын аракеттеринин коомчулукка каршы же башка экендиги тууралуу эч нерсе айткан эмесмин. Мен кайсы жерде эмне деп айтканды билген кишимин.

Ал эми Рустембеков Танаев ушундай билдирүүлөрү аркылуу парламенттин аброюна доо кетирүү менен бирге, бийлик бутактарын бири-бирине каршылаштырып жатат деген оюн билдирди.
Отурумдагы талаш-тартышты эске алган комитет төрагасы Валерий Дил, эгер зарылчылык келип чыкса депутаттын абийир, ар-намысын коргоо багытында иликтөө жүргүзүп, сессияга алып чыгууну сунуштады.

Депутат Исхак Масалиев жаңы борбордун курулушу сессияда айрым депутаттар тарабынан көтөрүлөрүн өкмөт башчыга эскертип, талаштуу маселелер боюнча жооп берүүгө даярданууга чакырды.

Премьер-министр болсо комитетте берилген суроолордун биринде мурда пландалган административдик маданий-ишкер борбор куруу демилгеси күчүндө экенин белгилеп, аны төмөнкүдөй негиздеди:

- Маданий административдик борбор курулат. Бул инвестициялык тендер өткөрүлүп, анын катышуучулары өздөрүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн аныктагандан кийин, акчасын мамлекеттик курулушка которгондон кийин жана салыкты Бишкек шаарынын казынасына салгандан кийин ишке ашат.

Өкмөттүн буга чейин тараткан маалыматы боюнча аталган долбоор үчүн Бишкек шаарынан 162 гектар жер бөлүнүп, курулушту чет өлкөлүк инвесторлор каржыламак.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG