Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

АКЫЙКАТЧЫ Т. БАКИР УУЛУ ФЕЛИКС КУЛОВ КУТУЛУШУ КЕРЕК ЭЛЕ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Өткөн апта соңунда акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу юстиция министрлигине жана адистештирилген прокуратурага кайрылуу жолдоду. Анда акыйкатчы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жактан башчысы Феликс Куловду үстүбүздөгү жылдын 5-августунда шарттуу түрдө боштондукка чыгарууну сунуштаган. Акыйкатчынынын мындай сунушуна юстиция министрлиги азырынча жооп бере элек.

Феликс Кулов камакка алынгандан бери карай анын тарапкерлери жана “Арнамыс” партиясынын мүчөлөрү Куловдун мыйзамсыз камалгандыгын айтышып, аткаруу бийлигинен Куловду боштондукка чыгарууну талап кылып келишет. Буга чейин алар жогорудагыдай талап менен ачкачылык, пикет сыяктуу нааразылык акцияларын уюштурушуп, Куловдун мыйзамсыз камалышы тууралуу бир нече курдай коомдук талкуу өткөрүштү. Кылмыш кодексинин 69-беренесинде эркинен ажыратылган адам түрмөгө камалган мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүн өтөп бүтсө, шарттуу түрдө боштондукка чыгарыла тургандыгы айтылган.

Буга байланыштуу соңку мезгилдерде “Арнамыс” партиясынын мүчөлөрү Феликс Куловду жакын арада боштондукка чыгарууну кайрадан көтөрө башташты. Алардын эсебине караганда, Феликс Куловдун Улуттук коопсуздук кызматынын утурумдук тергөө жайында отурган ар бир күнү эки күнгө эсептелип, Феликс Кулов 2004-жылдын 9-июлунда шартуу түрдө боштондукка чыгышы керек. Ушундай эле мазмундагы кайрылууну өткөн апта соңунда акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу юстиция министрлигине жана адистештирилген прокуратурага жолдоду:

- Куловдун абакта отурган мөөнөтүн биздин адистер эсептеп чыкты. Ошого ылайык өлкөнүн мыйзамдары тагыраак айтканда Кылмыш-жаза кодекси, "Мунапыс жөнүндө" мыйзам боюнча Феликс Кулов үстүбүздөгү жылдын 5-августунда шарттуу түрдө боштондукка чыгышы керек. Мындай сунушту биз юстиция министрлигине жана адистештирилген прокуратурага жолдодук.

Акыйкатчынын жогорудагыдай кайрылуусу боюнча юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаев кандайдыр-бир пикирин айтуудан баш тартты. Ал эми Феликс Куловдун боштондукка чыгышы маселеси тууралуу юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелеринин башкармалыгынын жетекчиси Владимир Носов мындайча жооп берди:

- Феликс Куловдун өздүк иши биздин системада болгондуктан, чет жакта туруп алып анын качан боштондукка чыгаарын бизден бөлөк ким так санай алат? Менин оюмча, Куловдун качан боштондукка чыгаарын анын өздүк ишинин негизинде гана саноого болот. Ошондуктан муну Омбудсмандын аппаратында же башка жерде отуруп алып каалагандай саноого боло тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Качан алардын суроо-талабы бизге түшкөндө гана Ф.Куловдун өздүк ишиндеги материалдардын негизинде биз дароо жооп беребиз.

Ошентип, азырынча Куловдун боштондукка чыгышы боюнча “Арнамыс” партиясы, акыйкатчы жана юстиция министрлиги ар түрдүү пикирде. Акыйкатчынын жогорудагыдай кайрылуусуна юстиция министрлиги кандай жооп берет - азырынча белгисиз.

Эгемендүүлүк жылдарында бир катар жооптуу кызматтарда иштеген, анын ичинде вице-президент кызматын да аркалаган Феликс Кулов 1999-жылдын март айында азыркы бийлик жүргүзгөн саясат менен макул эмес экендигин ачык жарыялап, Бишкек шаар башчылык кызматтан өз эрки менен кеткен. Көп өтпөй ал жакын санаалаштары менен "Арнамыс" партиясын түзүп, 2000-жылы Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого катышкан. Анын жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген Ф.Кулов 2000-жылдын 12-мартында президенттик шайлоого катышаарын маалымдаган. Андан он күндөн кийин - 22-мартта Кулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен камакка алынган.

Мына ушуга байланыштуу Куловдун тарапкерлери жанат укук коргоочулар анын саясий себептер менен мыйзамсыз камалгандыгын айтып келишет. Ал эми аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Кулов тууралуу жогорудагыдай пикирге макул эмес. Алардын айтымында, Кулов өзүнүн жасаган күнөөсү үчүн түрмөгө камалды.

XS
SM
MD
LG