БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш маселелери боюнча комитети өкмөттүн 2003-жылдагы иши боюнча премьер-министр Николай Танаевдин отчетун угуп, ага канааттандырарлык деген баа берди. Комитет кабыл алган чечим боюнча эми ал отчет палатанын 23-июнда баштала турган сессиясында каралат. Николай Танаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, айыл чарба продукциялардын сатууга көмөк көрсөтүү боюнча маркетинг саясаты Азия өнүгүү банкынын грантынын негизинде иштелип чыккандыгын билдирди. Анын айтымында, быйыл картошка Ысыккөлдө былтыркыга салыштырмалуу 40 процентке, Таласта 39 процентке көп айдалган. Дыйкандар былтыркыдай чыгымга калбасы үчүн быйыл Таласта картошканы иштетүүчү завод ишке кирет жана анын жабдуулары бир айдан кийин орнотула баштайт. Андан тышкары кыргыз дыйкандарынын айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча Казакстандын Алматы шаарынын мэри менен макулдашуу түзүлүп, Тараз шаарында базар ачыла турган болду.