Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

ИНДИЯ МЕНЕН ПАКИСТАНДЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ КЫТАЙДА ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮШТҮ


Индиянын жаңы шайланган өкмөтүнүн тышкы иштер министри бүгүн (дүйшөмбүдө) алгачкы жолу өзүнүн пакистандык кесиптеши менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүздү. Бул жолугушуу эки тараптан тең үзүрдүү катары бааланганы менен, расмий Исламабад талашка түшкөн Кашмир аймагындагы тынчтык жараяны тереңдетилиши керек деп санайт.

Индиянын жаңы тышкы иштер министри Натвар Сингх менен Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Махмуд Касури Кытайда өткөрүлгөн аймактык жыйынга катышып жатып, алгачкы жолу өз ара жолугушуу өткөрүштү.

Пакистандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Масуд Хандын айтымында, бүгүнкү жолугушуунун өзү олуттуу мааниге ээ:

- Бул жолугушуунун нагыз мааниси мында: Индияда саясий бийлик башка колго өткөн соң, башкача айтканда, өкмөт алмашкан соң, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери алгачкы жолу бири-бири менен кезигип отурат. Демек, бул – бири-бирин жакындан таанышууга багытталган жолугушуу.

Масуд Хан баса белгилегендей, Касури менен Сингх саясатчы катары бири-бирин мурдатан билген менен, алгачкы жолу тышкы иштер министрлигинин башчылары катары сүйлөшүү жүргүзүшүп, эки коңшу өлкөнүн орток көйгөйлөрүн көзмө-көз талкуу кылууга жетишти.

Ал эми Кытайдагы бул жолугушуунун алдында, июндун 19-20сында, Пакистан менен Индиянын тышкы иштер министрликтеринин өкүлчүлүктөрү Дели шаарында сүйлөшүү жүргүзүп, өзөктүк сыноолорду жүргүзбөй тургандыгы тууралуу Исламабад менен Делинин мурда айтылган убадаларын тастыкташты.

Бул сүйлөшүүнүн соңунда кабыл алынган биргелешкен билдирүүнү Индиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Навтеж Сарна мындайча окуп берди:

- Тараптардын ар бири тең, эгерде кайсы бир адаттан тышкаркы окуя өздөрүнүн эң жогорку мамлекеттик кызыкчылыктарына шек келтирбесе, анда өзөктүк куралды сыноо максатындагы мындан аркы жардырууларга бир тараптуу мораторий жарыялаарын дагы бир жолу тастыкташты.

Сарнанын айтымында, ар кандай өз ара түшүнбөстүккө жол койбоо үчүн эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери бири-бири менен түз баарлаша ала турган атайын телефон байланышы негизделмекчи.

Ишемби-жекшембиде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр айлампасынын натыйжасы тууралуу Пакистандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Масуд Хан мындай деген баасын айтты:

- Биз өткөргөн бул соңку сүйлөшүүлөр айлампасы өтө үзүрдүү болду. Албетте, эми Пакистан менен Индия үчүн алдыда турган бирдей милдет – бул жактырылган чечимдерди ак пейилден жүзөгө ашыруу.

Өлкөнүн президенти Первез Мушарраф Индиянын жаңы премьер-министри Манмохан Сингхке быйыл сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын жалпы жыйыны маалында жолугушуу сунушун билдирген. Азырынча расмий Дели бул сунушка өз жообун айта элек. Пакистан тарап болочокку жогорку деңгээлдеги жолугушуу маалында талашка түшкөн Кашмир аймагынын маселесин чечүү тууралуу талкуу кылууга үмүткөр.

Түштүк Азиядагы бул коңшу өлкөлөр буга чейин үч жолу өз ара согушкан, уруштардын экөөсү - дал ушул Кашмир чатагынын айынан тутанган. Өзөктүк куралга ээ бул мамлекеттер 2002-жылы да жаңы согуштун босогосунда турду, бирок эл аралык дипломатиянын арачылыгы менен алар саясий сүйлөшүүлөр нугуна кайтышкан эле.

XS
SM
MD
LG