Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

ИНГУШЕТИЯДА ИЧКИ ИШТЕР МЕКЕМЕЛЕРИНЕ КОЛ САЛЫНДЫ


Ингушетиядагы куралдуу кагылыштарда 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды, ондогондору жаракат алды. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, курман болгондордун көпчүлүгү укук коргоо органдарында иштегендер. Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү кеминде 200дөй куралчан адам Ингушетиянын бир катар шааралары менен кыштактарында административдик имараттарга кол салган эле. Бул кандуу окуяга байланыштуу Ингушетияда үч күн аза күтүү күнү жарыяланды.

Азыркы кандуу окуяларды Ингушетиянын аймагында 2002- жылдын сентябрынан бери орун алган эң ири уруш катары эсептесе болчудай. Андан республиканын батыш ыптасында жүздөгөн чечен согушкерлери орус аскерлери менен кагылышкан эле. Бул ирээт куралчан адамдар республиканын мурдагы борбору Назрань шаарында ингуш ички иштер министрлигинин, ушул жердеги чек ара отрядынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына, Карабулак деген шаарчадагы, Слепцовская, Троитская, Орджоникидзевкая деген кыштактардагы милиция бөлүмдөрүнө чабуул койгон. Согушкерлердин чакан топтору ошондой эле Ингушетияны чыгыштан-батышка карай кесип өтүүчү Ростов – Баку кан жолундагы көзөмөл бекеттерине кол салган. Алар мындан сырткары Ингуштеянын жаңы курулган борбору, Назрандын чет жакасында жайгашкан Магас шаарына кирүүгө аракеттенген, бирок кайра багытын өзгөрткөндөй.

Согушкерлер менен уруштарда каза тапкандардын арасында Ингушетиянын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Абукар Костоев, анын орун басары Зиядин Котиев, Назрань шаарынын прокурору Мухарбек Бузуртанов бар. Ал эми согушкерлер кандай жоготууга учураганы беймаалым.

Кол салгандар артка чегинген жолдо ингуш ички иштер министрлигинин кампасынан бир топ ок дары жана курал–жаракты ала кетүүгө үлгүргөн.
Бүгүн эртең менен жергиликтүү бийликтер кол салгандар Чеченстанды көздөй чегинип жатканын билдиришкен эле. Бирок кийинчерээк "Итар-Тасс" агенттиги Түндүк Осетияга жакын Галашки деген кыштактын айланасында жаңы уруштар болгонун кабарлады.

Ингушетияга коңшу Чеченстандын бийликтеринин билдиргенине караганда, алардын коопсуздук күчтөрү күжүрмөн даярдыкта турат. Чеченстандын ички иштер министри Али Алханов кол салуу үчүн жоопкерчиликти чечен командири Шамил Басаевге жүктөдү. Ага катар Али Алханов "Итар-Тасстагы" маегинде белгилегендей, мындай кол салуулар Аслан Масхадовдун жактыруусуз ишке ашырылбайт.

Ал эми Аслан Масхадовдун чет өлкөдө жашаган өкүлү Ахмед Закаев "Чечен пресс" агенттиги тараткан билдирүүсүндө, Москваны согуш отун Чеченстандын чегинде узакка чейин кармоо мүмкүн эместиги жөнүндөгү кайра -кайра эскертүүлөргө көңүл бурбай келгени үчүн айыптады. Ахмед Закаев өз билдирүүсүндө, Ингушетиядагы согуш Кремль мурдагы ингуш президенти Руслан Аушевди бийликтен кетүүгө мажбурлап, аны КГБнын мурдагы кызматкери Мурат Зиязиков менен алмаштырганда эле башталганын белгилеген.

Жергиликтүү бийликтердин ишениминде, 200дөй согушкердин бир тобу Ингушетияга Чеченстан менен Түндүк Оссетиядан кол салууга чейин киришкен.

Бирок чечен жикчилеринин "Кавказ центр" деп аталган интернет сайты кол салгандардын көпчүлүгү ингуштар экенин маалымдады. Бул тууралуу "Ingushetia.Ru" деп аталган көз карандысыз интернет сайт да
кабарлады. МАИнин согушкерлердин колуна түшүп чыккан кызматкери аталган интернет сайтка аны кармагандардын баары ингуш тилинде сүйлөгөнүн айткан.

"Азаттык жана Эркин Европа радиосунун Назрандагы кабарчысы Асланбек Дадаевдин билдиргенине караганда, жергиликтүү калк кол салуу жакшы пландалып, координацияланган түрдө жасалганынан улам да анын артында жергиликтүү согушкерлер турат деген ишенимде:

- Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мындай операцияны жергиликтүү гана согушкерлер жасай алат деген ишенимде. Мындай ырастоолор үчүн кол салгандар жер шартын, аларга керектүү обьектилерди жакшы билгендиги жүйөө боло алат. Мындан сырткары алар укук коргоо органдарынын өткөн түнү өлтүрүлгөн тигил бул жетекчилери кайда жашаарын жакшы билишкен.

Назрань шаарынын окуяга күбө болгон тургуну Ахмед Жанбулатов да кол салуу бир эле учурда башталганын айтат:

- Алар Слепцовскийден баштап, Карбулакка, Троитскаяга, Назранга бир учурда киришти.

Ингушетиядагы кандуу окуяларды батыштык расмий адамдар да комментарийлешүүдө. Европа Кеңешинин баш катчысы Вальтер Швиммер кол салууну кескин айыптап, буларды белгиледи:

- Чеченстанда демократиянын толук калыбына келүүсү, мыйзамдардын аткарылышы, адам укуктарынын корголушу менен гана Орусия Федерациянын бул бөлүгүндөгү адамдар жапа чегүүдөн кутулат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG