Багдаддагы байбачалардын бири Алини мындан эки апта мурда так үйүнүн алдынан таламандын тал түшүндө кой бөктөргөндөн бетер машинага бүктөп-тыгып уурдап кетишти. Анын башына 60 миң доллар кунпул талап кылышты. Алини кармап кеткендер анын бир нече менчик дүкөнү, Багдаддын четинде чоң фермасы бар экенин, атүгүл кайсы банкка канча акча салганына чейин билишет экен. Туткундан эптеп аман кутулуп чыккан соң Али тапкан-ташыганын жыйнап, Ирактан көчүп кетүүнү чечти. Колунда бар адамдардын баары азыр Ирактан кача баштады, деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына.
Багдадда дүр-дүнүйөлүү дүкөн кармап отурган бир катар байбачалар да Иорданияга же башка бир бейкалбалуу мусулман өлкөсүнө кеткени жатышканын ырасташты. Алардын баары тополоң басылып, эл топуктуу болгончо башка бир жерде баш калкалай турууну эп көрүшөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Саади Мухаммед Ахмеддин айтымында, Ирак азыр өзүнчө эле бир барымта базарга айланды жана анын ирбити кызыды. "Алардан мен да өлөрчө корком, барымтачылардан чочулабаган дегеле жан калбады окшойт", деп айтты ал. Ахмеддин сөзүнө караганда, карабашыл адамдарга аңчылык кылгандар мурда да болор эле, бирок алардын азыркыдай адисинен ашканын ирактыктар дегеле көргөн эмес.
Генерал Раад Йас Кадир ушу тапта Багдад полициясынын кылмыш иштер бөлүмүн башкарат. Анын кызматкерлери эле дайынсыз жоголгон 24 кишинин ишин иликтеп жатышат. Адатта оокаттуу, бардар үй-бүлөнүн мүчөлөрү көп уурдалат, барымтачылар болсо негизинен мурда камакта жатып, Саддам Хусейн жуп куларда жапырт түрмөдөн чыккан кылмышкерлер. Жакында эле бөлүмдүн кызматкерлери жалаң бай-бачаларга саят кылып, алардын эсебинен туйтунуп турган кылмыштуу төрт топтун мүчөлөрүн кармап, камашты. Өткөн аптада болсо Багдаддын түштүк четинде жертөлөдө туткунда кармалып жаткан бир кишини бошотуп алышты.
Багдад полициясынын контртеррористтик атайын бөлүмү бар, дейт генерал Кадир. Ал негизинен коалициялык аскерлер жана ФБР менен ийиндеше иштейт. Коалициянын көмөгү менен мындан эки апта мурда жоон топ кылмышкерлер кармалды, алардын ичинен бирөө гана иордандык киши болуп чыкты, калгандары ылгый ирактыктар.
Генерал Кадир алдыдагы жылдарда Иракта кырдаал жайына келерине ишенет. Бирок бул өлкөнү үкүнүн үйүнө айлантып алган эл аралык уюшкан кылмыштын, мафиялык жана террордук структуралардын элементтеринен тазалоо иши жакын аралыкта бүтө каларына көзү жетпейт. Бул үчүн эми өтө эле көп убакыт, а балким ондогон жылдар керек болот окшойт, дейт генерал.