Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

ЖУРНАЛИСТ МЕНЕН ДЕПУТАТ СОТТОШУУДА


23-июнда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда депутат Даврон Сабировдун арызы боюнча “Учкун” гезити жана макаланын автору Калил Жамгырчиевдин соттошуусу уланды.

“Кыргызгаз” акционердик коомунун “Ошгаз” башкармалыгы мамлекетке чоң өлчөмдө зыян келтирген деген мазмундагы сын макала ушул жылдын апрель айында “Учкун” эркин гезитине басылган. Андагы фактыларды жалган жалаа деген депутат “ар-намысыма жана ишкердик аброюма шек келтирди” деп “Учкун” гезити 5 миллион, макаланын автору Калил Жамгырчиев бир миллион сом айыппул төлөп берүүсүн талап кылып, сотко берген.

Журналист менен депутаттын соттошуусу Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун судьясы Замир Термечиковдун төрагалыгында жүргүзүлүүдө.
Арыздануучу жана айыпталуучу да “Азаттык” радиосунун кабарчысына сот ишти туура, обьективдүү карап жатканын билдиришти.

Эске сала кетүүчү жагдай доогер Даврон Сабировдун ордуна ишенимдүү адамы катары Хатам Якубов деген жигит соттун башынан катышып келүүдө. Шаршемби күнкү сот жараяны айыпталуучу Калил Жамгырчиевди суроо менен башталды:

- “Учкун” гезитине “Ошгазды ойрон кылган Сабиров” деген темада басылган макаладагы айтканымдан кайтпайм. Аны мен атайын текшерүүлөрдүн негизинде, расмий документтерге таянып жазганмын. Сабиров кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп эсептейм. Анткени жубайы Сабирова “Ошгазга” эч кандай тиешеси жок туруп, ал түзгөн “Прометей” ишканасынын карыз акчасынын ордуна “Кыргызгаз” акционердик коомунун уруксатысыз өзүм билемдик менен газ түтүкчөлөрүн курган.

Журналист Жамгырчиев Сабировдун сотко арыздануусун төмөндөгү себептерден улам негизсиз деп эсептейм деди:

- Сабировдун журналистти айыптап сотко бергенине макул эмесмин. Анын “Ошгазды” жетектеп туруп, өз алдынча жасаган аракеттерин Жогорку Кеңештин кош палатасы тең билет. Ал эмес өкмөткө да маалым.

Ал журналисттердин үстүнөн сотко берүүнү, басма сөзгө болгон кысым деп баалайм деген көз карашын мындайча жагдайларга байланыштырды:

-Шайлоо жакындагандыгына байланыштуу депутаттын эл алдында актанууга жасаган аракети, мындай алдым-жуттумдарга өкмөт тарабынан да чара көрүлбөй жаткандыктын себеби деп түшүнөм.

Журналист акырында соттун калыстык кыларына ишеними бар экенин билдирди. Андан соң Даврон Сабировдун ордуна сот ишине катышып жаткан Хатам Якубов журналистке койгон дооматтарын мындайча чечмеледи:

-Журналисттин бир күнөөсү табылган маалыматтарды дагы бир жолу өз көзү менен көрүп, тактабагандыгында болууда.

Депутаттын ишенимдүү өкүлү сотко төрагалык кылуучу Замирбек Термечиков ишти обьективдүү жүргүзүп жаткандыгына токтолду:

-Сотко төрагалык кылуучу Термечиков ишти обьективдүү карап жатат. Сотко кысымчылык, же бир бир тараптуулук байкалган жок.

Хатам Якубов депутат Сабировдун журналисттин үстүнөн арыздануусу негиздүү деп эсептейм деди. Ошентип бул сот териштирүүсү 28-июнда улантылат. Соттун келерки отурумунда каралып жаткан ишке баа берилери күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG