Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

АКШ АСКЕРЛЕРИНЕ ИММУНИТЕТ СУРАГАНДАН БАШ ТАРТТЫ


Кошмо Штаттары америкалык аскерлерди эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясынан бошотууну караган кезектеги резолюциянын долбоорун Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине киргизген эле. Бирок шаршемби күнү Вашингтон документти колго салгандан баш тартып, кайтарып алды. Америкалык администрациянын бул кадамын баш катчы Кофи Аннан, коопсуздук кеңешинин бир катар мүчөлөрү кубатташты.

Мындан эки жыл мурда эл аралык кылмыш соту жөнүндөгү Рим стату ырасмий түрдө күчүнө киргенде Вашингтон дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ар түрдүү озуйпаларды аркалап жаткан өз аскерлерине иммунитет берилишин талап кылып, болбосо Бириккен Улуттар Уюмунун бардык бейпилдик операцияларына вето саларын, атүгүл Босния-Герцоговинадан, Косоводон контингентин чыгарып кетерин эскерткен. Натыйжада коопсуздук кеңеши америкалык аскерлерди бир жылга эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясынан бошоткон атайын резолюция кабыл алган. Былтыр анын мөөнөтү дагы он эки айга узартылган. Вашингтон бул режимдин күчүн кайра бекемдөөнү көздөп, кезектеги резолюциянын долбоорун сунуш кылган эле.

Бирок шаршемби күнү АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлүнүн орунбасары Жеймс Каннингэм Кошмо Штаттары узакка созулуп, акыры бөлүнүп-жарылууга алып келчү талаш-тартыштарга тамызгы таштагысы келбей жатканын айтып, долбоорду коопсуздук кеңешинин кароосунан алып салууну сунуш кылды.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучердин комментариясына караганда, Вашингтон проблеманы эми эки тараптуу макулдашуулардын негизинде чечкенге ниеттенүүдө. Бу жагынан ушу кезге чейин дээрлик токсон өлкө менен атайын келишим түзүлдү. Дегинкисинде, америкалык администрация кыянат-кылмыш жасаган адамдарын жоопкерчиликтен алакчылап калгысы келбейт, болгону алардын баары америкалык соттордо жазага тартылышын гана каалайт, деп ырастады Баучер. Буга мисал кылып ал Ирактагы окуяларды келтирди. Абу Грейб түрмөсүндөгү осол иштерге байланыштуу америкалык айрым аскери адамдарга козголгон иштер жакшы далилдеди, деп айтты ал, Кошмо Штаттары адилет сот принцибин айныбай жактайт жана эл аралык кылмыш деп саналган кыянатчылыктарды, андайга баргандардын баарын өзү соттоп, өзү жазалайт.

Абу Грейб аширети Вашингтон сунуш кылган кезектеги резолюциянын кендирин кескен башкы фактор болду, деп белгиледи “Вашингтон пост” гезити. Мисалы, Кытай да Рим статуна кошулган эмес. Пекиндин Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Ван Гуангуе аталган иштерди АКШ сот тартибинде өз алдынча тергеп-тескеп жатканын кубаттады, бирок Абу Грейб аширети дүйнө жүзүндө ушунчалык шардана болуп кеткендиктен, анын айтымында, кытайлыктар да өз өкмөтүнөн Бириккен Улуттар Уюмунда америкалык аскерлерге кайрадан эл аралык иммунитет берилбесин деп талап кылып, катуу кысымга ала баштады.

Чилинин элчиси Хералдо Муноц болсо америкалыктар сунуш кылган резолюция өтө талаштуу документ болгондуктан бу жолу коопсуздук кеңешинде колдоо табары өтө эле арсар болчу деп белгиледи. Айрым маалыматтарга караганда, кокус документ колго салынса, төрт өлкө гана калыс калып, кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү каршы добуш беришмек экен.

Айтор, абал кыйчалыштап турганда Вашингтон резолюцияны колго салгандан баш тартып, жүйөөлүү иш кылды, деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан.

XS
SM
MD
LG