Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МЫЙЗАМДАРДЫ ШАШЫЛЫШ КАБЫЛ АЛУУДА


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары июнь айынын планына киргизилген мыйзам долбоорлорун акыркы төрт күндө толук карап бүтүү дымагы менен иштеп жатышат. Ушул максатта акыркы эки күндө талаш туудурбаган 30 чамалаш мыйзамды кабыл алышты. Бирок айрым депутаттар жайкы эс алуу башталганга чейин принципиалдуу айрым маселелерди кароого парламент үлгүрбөй калышы ыктымал деп тынчсызданышууда.

Регламент боюнча Мыйзам чыгаруу жыйыны 1-июлдан баштап жайкы эс алууга чыгат. Иш мөөнөтүн дагы бир аптага узартуу тууралуу өкмөт башчынын сунушун парламент кубаттаган жок. Бирок акыркы төрт жумуш күнүндө депутаттар дагы 30 чамалаш мыйзам долбоорун талкуулашы зарыл. Алардын ичинде талаш-тартышты жана узак талкууну талап кылган бир катар долбоорлор бар. Маселен, «Террорчулукту каржылоого жана кылмыштуу жолдор менен келген кирешелерди адалдоого каршы күрөш жөнүндөгү» президент сунуштаган мыйзам долбоорунун көпчүлүк жоболору боюнча депутаттар бир пикирге келише элек. Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, депутат Марат Султановдун айтымында, долбоорду талкуулоо үчүн кеминде депутаттардын бир күндүк иш убактысы кетет:

- Комитетте бир пикирге келе алган жокпуз. Ар бир берене боюнча эки-үчтөн пикир жаралып атат.

Комитет төрагасынын суранычына ылайык бул маселе дүйшөмбү күнү каралмай болду. Аталган долбоордон тышкары курч маселелердин катарына депутаттар мамлекеттик менчиктештирүүнүн 2002-2004-жыл үчүн программасынын долбоорун, «Камеко корпорейшн» ишканасынын сунушуна ылайык «Кумтөралтын» ишканасын реструктуризациялоо долбооруна» байланышкан маселени кошуп жатышат. Айрым депутаттар өкмөт башчы Эл өкүлдөр жыйынында отчет берип жаткандыгын шылтоо кылып, бул палатага келбей койсо, «Кумтөр» маселеси каралбай калышы ыктымал деп тынчсызданышууда.

Маселен, курулуш, жер байлыктары жана транспорт байланыш комитетинин төрагасы, депутат Ишенбай Кадырбеков бейшемби күнкү отурумда депутаттарды «Камеко корпорейшн» ишканасынын сунушуна ылайык «Кумтөралтын» ишканасын реструктуризациялоо долбоору жөнүндөгү» маселе боюнча даярдалган токтомду кабыл алууга чакырды:

- Биз каржы министрлигинен да жооп алдык. Үчтөн эки акцияны (Кыргызстандын) эл аралык биржага алып барып сатканы атат, сентябрга чейин. Урматтуу кесиптештер, 130 тонна алтынды сатып, 1 миллиард доллар акча түшкөн. Карыздан кутулдук. Заводду курдук. Эми үчтөн эки үлүш алтын ала турган убакта сатып атабыз. Карызды биз төлөп, заводду биз куруп, эми үчтөн эки долларын алаарда акцияларды сатып, эч нерсеси жок калып атабыз. Андан салык гана берет экен. Токтотпосок уят болуп калабыз. Биз элдин адамыбыз. Миллиарддаган долларды уттуруп атабыз.

Парламент төрагасы Абдыганы Эркебаевдин убадасына караганда, өкмөт башчынынын катышар-катышпасына карабастан, токтом долбоору парламенттин жума күнкү отурумунда добушка коюлат:

- Урматтуу Ишенбай Дүйшөмбиевич, келеби-келбейби, эртең финансы, өкмөт ишине байланыштуу маселелерди карайбыз, ошонун чегинде айтыңыз, мен добушка коюуга даярмын.

Ал эми бейшемби күнкү отурумунда жыйын экономикалык өңүттөгү 9 мыйзамды кабыл алды. Алардын ичинен «Эсеп палатасы жөнүндөгү» мыйзам долбооруна басым жасалды. Эсеп палатасынын төрагасы Дамир Өскөнбаев менен комитет төрагасы Марат Султановдун айтымында, бул мыйзам эсеп палатасынын ишмердүүлүгүнө жасалган тоскоолдуктарды четтетет. Бирок депутаттар долбоордогу эсеп палатасынын төрагасын он жылга, аудиторлорду сегиз жылга дайындоо тууралуу жобону колдошкон жок. Депутат Любовь Комиссарованын сунушуна ылайык төрага беш жылда бирден дайындала турган болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG