Облус аймагы аркылуу кыргыз-өзбек чегарасынын жети жүз чакырымдан ашык бөлүгү өтөт. Ал тилкеде жыйырмадан көп талаш жерлер бар. Өкмөттөр аралык паритеттик комиссиялар нечен жыйналганы менен, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, депутат Азимбек Бекназаровдун пикири боюнча, Аксы районунан ары жылбай жатат. Эгемендик жылдарында кыйла жерин коңшуларга өткөрүп берген өлкөдө жергиликтүү бийликтегилер өз милдеттерин мүмкүн болушунча аткарууда:
- Кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо Чаткал районунан Аксы районуна жетип, токтоп калды. 13 жылда Токмоктон Казакстанга 12 километр, Кытайга 140 миң гектар жер өттү. Жергиликтүү бийлик органдары, силер, мүмкүнчүлүккө жараша иштеп атасынар.
Чегараны мамлекеттик деңгээлде тактоо создуккандыктан 11 жер боюнча талаш уланууда. Аксы районунун 268 гектар аянтын Өзбекстан пайдаланса, Өзбекстанга тиешелүү Унгар тоосуна кыргызтелекөрсөтүү, үналгы уктуруусунун мунарасы жайгашкан:
- Турбаза участкасында 165 гектар жер картографиялык материалдарга негизделгенде Кыргыз Республикасынын жери болуп эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө ал жерди Өзбекстан тарап пайдаланып келет. Ошондой эле, пионердик лагерь деген жерибизде 103 гектар аянт картографиялык материалдарга негизденгенде биздин жер болуп эсептелет. Бирок ал жерлерди Өзбекстан пайдаланып келүүдө. Унгар тоосунун чокусу айлана-тегереги менен Өзбекстандын жери болуп эсептелет, - деди ал тууралуу райондун жерге жайгаштыруу ишкана башчысы Латип Мырзаев.
Делимитация жана демаркация иши бүтпөй, ал мыйзамдык күчкө ээ боло электе Аксы району көздөй жылдырылган Өзбекстандын «Хазретшаа» бекети райондук жетекчилердин коңшу өлкөнүн жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүүсүнөн кийин эски ордуна көчүрүлдү:
- Азыр ушул чегара маселеси акырына чыкканга жетиштик. Азыр бул жерде постту Өзбекстандын территориясына, кайра мурдагы ордуна жылдырдык - деди райондук бийликтин башчысы Абдималик Эгембердиев.