Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:58

АКШ ТҮНДҮК КОРЕЯГА ЖАҢЫ ПЛАН СУНУШ КЫЛУУДА


Шаршембиден бери Кытайда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтүүдө. Ак үй кечээ АКШ Түндүк Корея өзөктүк куралдан акырындык менен арылуусу үчүн жаңы план сунуш кылынып жатканын ырастады. Вашингтондун айтымында, эгер Пхеньян ага көнсө саясий жана экономикалык камоол жеңилдейт.

Ак үйдүн өкүлү Скот Маклелландын шаршемби күнү Вашингтондогу маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Кошмо Шттаттар өзөктүк программасынан Түндүк Кореянын көзөмөлдөнгөн түрдө баш тартуусуна жетишүүнү караган практикалык кадамдарды сунуш кылууда. Анын айтымында, эгер Пхеньян бул планга макулдук берсе, мунай жана азык түлүк жардамын, айрым бир коопсуздук кепилдиктерин алат. Скот Маклеллан белгилегендей, сунушталып жаткан план Ливиянын үлгүсүнө негизделген. Ливия массалык кыргын салуучу куралдар прорграммасын токтотууга былтыр декабрда макул болгон эле.

Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн Пекинде шаршембиден бери өтүп жаткан кезектеги үчүнчү айлампасына адаттагыдай эле АКШ, Түндүк жана Түштүк Корея, Кытай, Жапония, Орусиянын дипломаттары катышууда. Сүйлөшүүлөр ишембиге чейин созулмакчы.

Пекинге келген америкалык делегациянын башчысы, Мамлекеттик катчынын жардамчысы Жеймс Келли жолугушуунун башталышында сүйлөгөн учурунда сунуш кылынып жаткан пландын деталдарын ачыктаган жок, Бирок талаштын аякташы АКШ менен Түндүк Кореянын алакасында жаңы баракты ачаарын белгиледи:

-Биздин жалпы максат - өзөктүк куралдан биротоло арылган Корей жарым аралы. Мындай жыйынтык жарым аралдын жана жалпы эле региондун адамдары үчүн тынчтык жана коопсуздук кепилденишине гана жардам бербестен, менин өлкөм менен Түндүк Корея демократиялык республикасынын жана жалпы эл аралык коомчулуктун ортосундагы жаңы мамилеге жол ачат.

Ал эми Түндүк Корея делегациясынын башчысы Ким Ге Гван буларга токтолду:

-Эгер АКШ бизге карата душманчыл саясатынан баш тарса, биз өзөктүк куралдан баш тартууга даярбыз.

АКШ Түндүк Кореядан 90-жылдардын башында эле макулдашылгандай өзөктүк куралдан толук арылышын көптөн бери эле талап кылууда. Түндүк Корея бул үчүн олуттуу экономикалык жардам жана коопсуздук кепилдиктери берилишин ишаара кылып жүрөт. Кытай тышкы иштер министрлигин өкүлү Цзянь Киу бейшембидеги басма сөз жыйында сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады:

-АКШ, Түндүк Корея жана сүйлөшүүнүн башка катышуучулары өз сунуштары менен чыгышты. Кошмо Штаттардын сунушунун мазмуну кеңири, ар тараптуу. Ушунун өзү эле сүйлөшүүнүн азыркы айлампасы ийгиликке жеткенин туюндурат. Бул АКШ тарап кризисти жөнгө салууну каалаганын көргөзүүдө.

Америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинин мүнөздөмөсүнө караганда АКШнын Түндүк Кореяга берүүчү сунуштары жаңы, бирок өтө шарттуу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG