Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

БУШ НАТОну ИРАКТАГЫ ИРИМГЕ ТАРТКЫСЫ КЕЛЕТ


Дүйшөмбү күнү Стамбулда НАТОнун саммити ачылат. Жыйында Ирак проблемасы башкы маселелердин биринен болот. Байкоочулар АКШнын президенти Жорж Буш альянсты Иракка өткөөл кезеңде кеңири жана активдүү жардам көрсөтүүгө кайрадан чакырат деп айтып жатышат. Муну америкалык президенттин коопсуздук иштери боюнча жардамчысы Кондализа Райс да бейшемби күнү Вашингтондогу маалымат жыйынында кыйыр мааниде бышыктады.

НАТОну Ирактагы иштердин иримине тарткысы келерин президент Буш ушул айдын башында “чоң сегиздин” саммитинде билгизген эле. Ошентсе да альянс Иракка түмөн-түркүн кол жөнөтөрүнө көзү жетпей турганын моюнга алып, бери эле дегенде жаңы өкмөттүн коопсуздук күчтөрүн машыктырып-жатыктырганга жардамдашса жаман болбос эле дегендей кылган.

Стамбулдагы саммит алдында Ирактын утурумдук өкмөт башчысы Ияд Аллави алянстын баш катчысы Яап де Хооп Схефферге ушундай өтүнүч менен атайын кат жолдоп, ырасмий түрдө кайрылды. Вашингтондогу пресс-конференцияда Кондализа Райс муну эске салып, НАТО ирактыктардын бул өтүнүчүнө жооп кайтарганы абзел, анткени кеп эркиндик жана азаттык маселеси жөнүндө болуп жатат, деп билдирди. Альянс болсо жаралган күндөн тартып эле эркиндикти коргоо принцибин эш тутуп, аны өзүнүн милдети деп эсептеп жүрөт. Дүйнөдө эркиндиктин таралып, тамыр байлашына иркектеш болгусу келбесе, бул күрөш үчүн үлүш кошкусу келбесе, анда, Райстын айтымында, НАТОнун өлкөлөрү өздөрү эркин боло албайт.

Райстын сөздөрүнө караганда, Буш Стамбул саммитинде алянстын озуйпатын дал ушул оролдо кеп кылмакчы. Баарыдан мурда президент НАТОдон Ооганстандагы бейпилдик миссиясына толук кемелде колдоо көрсөтүүнү өтүнмөкчү. Андан соң премьер-министри Аллавинин өтүнүчүн аткаруу үчүн алянс эмне кыла алат, иштин ушул өңүтүн караштырып көрөт. НАТО Иракка жок эле дегенде техникалык жаткан натыйжалуу көмөк көрсөтө алмак, президент, менимче, ушуга чакырат болуу керек, деп айтты Райс.

Бир аптадан соң Ирактын өткөөл өкмөтү өлкөнүн суверенитетин өзүнө өткөрүп алганы турат. Бирок жаңы бийлик тикеленип, тирдигип алганча көп тармакта, өзгөчө коопсуздук чөйрөсүндө жардамга муктаж болот. Америкалык президенттин жардамчысы Түндүк Атлантикалык альянс Иракка дал ушул иште табылгыс таяныч болуп бере алат деп ишенет.

НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер болсо бул маселеге бир жаңсыл жооп берүү үчүн адегенде аны алянс өлкөлөрү менен Ирак өкмөтү ийри отуруп, түз сүйлөшүп чыгышы керек деген көз карашта. Анын болжолунда, НАТОнун лидерлери Стамбул саммитинде Ирактын коопсуздук күчтөрүн даярдоо жөнүндө чечим кабыл алышы да ажеп эмес, бирок бу планды, арийне, бул өлкөнүн өкмөтү менен ийиндеше иштешип гана жүзөгө ашырууга болот.

XS
SM
MD
LG