Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

МОСКВА МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН МАМИЛЕНИ ЧЫҢДАЙТ


25-июнда “Аларча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Москва шаарынын өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп, анда эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулардын абалы талкууланды. Жыйынга кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган, ал эми Москва тараптан Россия борборунун мэринин орун басары Анатолий Петров жетектеген делегация катышты.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ачты. Ал эки тараптын соодасы өсүп жатканын белгилеп, Кыргызстан Москвадан инвестиция келишине кызыкдар экенин билдирди. Москвалыктарды кызыктыруу максатында Оторбаев Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жаткан россиялык “Вимм Биль Дан” компаниясын, Майлуусуу электролампа заводун сатып алган “BAFS” фирмасын мисалга тартып, буларга токтолду:

- Биз москвалык инвесторлордун бул жерде өндүрүш ачышына кызыкдарбыз. Алар Кыргызстан аркылуу 50 миллион калкы бар регионго, эң башкысы, ченемсиз базары бар Кытайга чыкса болот. Биз да, Кытай да Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Ошондуктан Кыргызстанда өндүрүлгөн товарды Кытайга экспорттоого уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Ал кыргыз тарап Москва менен маданий жана гуманитардык байланыштардын деңгээлине ыраазы экенин билдирди.

Жоомарт Оторбаевден кийин сөз сүйлөгөн комиссиянын Москва тарабынын башчысы Анатолий Петров эки тараптуу сооданын жалпы көлөмү аздыгын, бирок анын өсүп жатканын белгиледи. Петровдун айтымында, эми келечекте бул тармактарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл:

- Биз айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жагында ишти илгерилетүүгө тийишпиз. Мунун сиздер үчүн да чоң мааниси бар. Бул багытта биргелешкен ишканаларды куруу менен гана алдыга чыга алабыз. Андан сырткары, Москва Кыргызстандын курулуш тармагына келүүгө, бул жерде жогорку сапаттуу үйлөрдү курууга даяр.

Мэрдин орун басары эки өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин жандантуу үчүн, алардын укук-милдеттери тууралуу нормативдик документ кабыл алууну сунуштады. Аны кыргыз тарап колдоду.

Делегация жетекчилеринин мына ушундай сөзүнөн кийин жыйын соңунда кабыл алынчу протокол долбоору талкууланды. Кыргыз тарап даярдаган ал документти Москва делегациясы негизинен колдоп, бирок бир беренеге каршы чыкты. Анда Москва шаарында жайгашкан “МИР КО” жабык түрдөгү акционердик коомунун “Кадамжай сурма комбинатына” 1 миллион 258 миң рубль карызын кайтаруу маселеси каралган эле. Анатолий Петровдун айтымында, Москва өкмөтү бул маселени чечүүгө түздөн-түз салымын кошо албайт. Натыйжада Москва делегациясынын өтүнүчү менен бул берене жумшагыраак жазылып, андан кийин протоколго кол коюлду.

Анда жакынкы келечекте эки тарап аткара турган иштер белгиленген. Маселен, Бишкекте “Москва” соода үйүн 2004-жылдын аягына чейин ачуу, келерки жылдын июнь айында Москвада Кыргызстан күндөрүн өткөрүү, Россия борборунда иштөөнү каалаган кыргыз жарандары тууралуу маалымат базасын түзүү, кыргыз айыл чарба продукцияларын Москвада сатуунун жолдорун аныктоо иштерин аткаруу белгиленген.

Эмгек мигранттарына байланыштуу маселе протоколдо жазылган менен комиссия отурумунда кеңири талкууланган жок. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, аны Россиянын федералдык өкмөтүнүн деңгээлинде чечүү керек.

Москва делегациясы менен Бишкекке Россиядагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун мүчөлөрү да келишкен. Уюмдун башкармалыгынын жетекчиси Эгемберди Мырзабеков жана мүчөсү Раимкул Аттокуровдун айтымында, учурда Россияда бир миллионго жакын эмгек мигранттары бар. Алардын укуктарын коргоодо уюм бир катар иштерди аткарууда, бирок жалпы көпчүлүктүн укуктарын коргоо иши жолго коюлган эмес. Бул багыттагы кыргыз өкмөтүнүн иши тууралуу сураганыбызда Раимкул Аттокуров мындайча жооп берди:

- Кыргыз өкмөтү жакшы сунуштары менен чыгып жатат. Бирок Россия тараптан кызыгуу жок. Жогору жактан кандай мыйзам кабыл алынбасын, ылдыйкы тарап аткарбайт. Себеби алар жеке кызыкчылыгын жогору коюшууда.


(Сүрөттө - Москванын Кыргызстандагы күндөрүнүн алкагында Бишкекте бейшемби күнү өткөрүлгөн концерттен бир көрүнүш).
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG