Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:36

ООГАН МАСЕЛЕСИ АЙЛАНАСЫНДА ЫСТАМБУЛДА КУРЧ ТАЛКУУ БОЛОТ


Нарын АЙЫП, Прага 28-29-июнда Ыстамбул шаарында НАТО уюмунун бийик жолугушуусу өтөт. Анда карала турган маселелердин эң негизги экөө - Ирак менен Ооганстандагы абал жана ал экөөнүн кайсынысы маанилүүрөк экенин айтуу кыйын. НАТО аскерлери Ирактагы иштерге азырынча кошула элек, Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери болсо бир жылдан бери НАТОнун колунда, бирок мактана тургандай азырынча өтө деле жогору жетишкендик жок.

Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери үчүн жооптуу ISAF аттуу эл аралык күчтөргө былтыр август айында НАТО уюму жетекчилик кыла баштаган, бирок эмгиче бул күчтөр негизинен борбор калаа Кабул шаары менен өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясын гана көзөмөлдөйт. Бардыгы болуп бул күчтөрдүн курамында азыр 6400 аскер бар, бирок алар өлкөнүн бүткүл аймагын көзөмөлдөөгө жетишсиз. Үстүбүздөгү жылы эле Ооганстанда ар башка эл аралык уюмдардын 19 кызматкери өлтүрүлдү.

НАТО жетекчилигинин айтымында, ишти жөнгө салуу үчүн дагы кеминде эки-үч миң аскер керек, бирок аларды таап-чогултуу азыр оор маселеге айланууда. Уюмдун негизги мүчөсү - Америка Кошмо Штаттары - Ирактагы абал менен алек, ал жерде азыр 135 миң америкалык аскер бар. Экинчи өлкө - Улуу Британия дагы өзүнүн негизги тынчтык орнотуучу күчтөрүн азыр Ирак менен Косоводо кармайт. Алмания болсо парламент уруксат кылган 2250 аскерди Ооганстанга жиберген жана кааласа да алардын санын азырынча көбөйтө албайт. Ал эми АКШ НАТОдон тышкары да өзүнчө коалиция түзүп, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр менен кошо Ооганстанда өзүнчө кайра куруу борборлорун түзө баштады жана ал иштерге кошумча эки миң америкалык аскер жиберилген.

Ооганстанда азыр элүүгө жакын эл аралык уюм иштейт жана алардын жетекчилери 23-июнда НАТОго кайрылып, шашылыш чара көрүлбөсө, өлкөдөгү абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп билдирди. Улуу Британиялык аскерий эксперт Александра Эшборндун айтымында, Ооганстадагы эл аралык аракеттер толугу менен кыйрандыга учурашы да мүмкүн: "Абдан оор кезең келди. НАТО өлкөлөрү өтө этият болууга тийиш. Ооганстандагы иштер азыр бурулуш жолдо турат. Ал аракеттер кыйрандыга да учурашы мүмкүн жана ал өтө кейиштүү болот".

Жергиликтүү бийлик Кабулдагы борбордук өкмөткө дээрлик баш ийбейт, алар бир-бири менен согушканда да өкмөт тартип орното албайт, баңги заттарын өндүрүү мурдагыдай эле өтө жогору, Талибан менен ал-Каиданын күчтөрү болсо толук жок кылына элек. Сентябрда Ооганстанда шайлоо өткөрүү белгиленген, бирок ал өз мөөнөтүндө өтөөрү күмөн. Ошондуктан Ыстамбулдагы бийик жолугушуу учурунда Ооган маселеси айланасындагы талкуу өтө оор жана кызуу боло тургандай.

Британиялык аналитик Марк Жойстун пикиринде, бул маселе Ыстамбул саммитинде эң негизги болот: "Ыстамбул жыйынында кайсы маселелер чыныгы маанилүү талкууга алынаары менен маалымат каражаттары эмне жөнүндө жазаары ортосунда чоң айырма болот. Маалымат каражаттары негизинен Ирак жөнүндө жаза турганы бышык жана ага таң калбай эле койсо болот, бул маселе өтө маанилүү. Бирок чыныгы маселе - жана ал тууралуу НАТОнун баш катчысы өткөн аптада Лондонго келгенде ачык эле айтты - НАТОнун атайын күчтөрүн түзүү болот".

НАТО жетекчилигинин айтымында, уюмга азыр чакан, алдыңкы үлгүдө куралданган, ыкчам аракеттенүүчү күчтөр керек жана алар эң биринчи кезекте Ооганстандагы иштер үчүн талаптуу.

XS
SM
MD
LG