Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кумтөралтын» кенин сатууга каршы


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо боюнча 2003-жылдын 31-декабрында кабыл алган токтомунун натыйжасында Кыргызстан жүздөгөн миллион доллар чыгымга учурап, эң пайдалуу «Кумтөр» кенине көзөмөлдүк кылуу укугунан ажырады. Мындай мазмундагы алты пункттан турган токтомду бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алды. Ошондой эле токтомдо «Кумтөралтын» кенин куруу боюнча буга чейин алынган кредиттердин 80 пайыздан ашууну төлөнүп, дүйнөлүк базардагы алтындын баасы болуп көрбөгөндөй жогорулаган мезгилде кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөралтын» кенин сатышы элдин кызыкчылыгына карама-каршы келээри белгиленген. Мыйзам чыгаруу жыйыны өз токтому менен кыргыз өкмөтүнө «Кумтөралтын» кени боюнча буга чейин кабыл алган токтомун жокко чыгарууну сунуштады.

Эске сала кетүүчү нерсе, кыргыз өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрындагы «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндөгү токтомго кол койгон. Анын негизинде кыргыз өкмөтү менен «Камеко» компаниясы «Центерра» атуу ишкана түзүшкөн. Жаңы түзүлгөн ишканын акциясынын 70 пайызы «Комекого», 30 пайызы Кыргызстанга тийешелүү экендиги маалымдалган.

XS
SM
MD
LG