Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Ооган президенти шайлоонун тынч өтүшүн камсыздоого чечкиндүү


КАБУЛ. НАТОнун аскердик жетекчилигинин өкүлү генерал Жеймс Жонс Ооганстанда кызмат өтөп жаткан 6 жарым миң бейпилдик аскерин алдыда боло турган шайлоого байланыштуу өлкөнүн башка чөлкөмдөрүнө да жайгаштыруу пландаштырылып жатканын билдирди.

Бүгүн Кабулда генерал Жеймс Жонс менен сүйлөшүү учурунда Ооган президенти Хамид Карзай сентябрга белгиленген жалпы шайлоонун тынч өтүүсүн камсыз кылуу үчүн НАТОдон көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

Анын аралыгында, өткөн түнү Ооганстанда америкалык эки солдаттын курман болгондугу маалым болду. АКШнын Ооганстандагы аскердик командачылыгынын маалыматына караганда, түндө Ооганстан менен чектешкен Кунар провинциясында жүргүзүлгөн операциянын учурунда 2 аскер мерт болуп, бирөө жараат алды.

XS
SM
MD
LG