БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XX сессиясы өз ишин дүйшөмбү күнү улантат. Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, дүйшөмбү күнү палатада «Өкмөт жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланат. Андан соң Кыргызстандын 2004-жылдагы республикалык бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү, «Кыргызтелеком» ационердик коомунун акцияларынын 51 пайызын сатуу маселеси каралып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу аймактык шайлоо округдарынын аныкталышы тууралуу БШК башчысы Сулайман Иманбаевдин маалыматы угулат. Эл өкүлдөр жыйынынын бул жолку сессиясынын күн тартибине 100гө жакын маселе каралаары пландаштырылган.