Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Маңзаттарды жаштар ийне менен сайынышат


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда маңзаттарга каршы күрөштүн дүйнөлүк күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу кечээ Улуттар Уюмунун Бишкектеги үйүндө «Диний конфессиялар маңзаттарга каршы» деген аталышта "тегерек үстөл" талкуусу өттү.

Бул иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик Улуттар Уюмунун калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен өткөрдү. Кыргызстандагы диний агымдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы бул "тегерек үстөлдө" баңгичилик жана ага каршы күрөштүн багыттары талкууланды.

Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы Курманбек Кубатбековдун маалыматына караганда, маңзаттарды ийне саюу жолу менен пайдалануу айрыкча жаштар арасында көбөйдү. Бул көрүнүштү чектөөдө диний агымдар менен кызматташтыкка быйыл өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

XS
SM
MD
LG