Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН АКШнын САММИТИ АЯКТАДЫ


Эсенбай НУРУШЕВ,Прага Дублинде Евробиримдик менен АКШнын саммити аяктады. Биргелешкен пресс-конференцияда президент Жорж Буш менен Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн сүйлөшүүлөр учурунда кеңири чөйрөдөгү маселелер – эки тараптын соода, экономикалык алакаларынан тартып Судандагы козголоңчулар менен өкмөттүк аскерлердин кызыл кыргынына, СПИДдин илесин табууга чейинки – проблемалар талкуулангандыгын ырасташты. Саммитте кабыл алынган билдирүүдө ошондой эле уран байытууну кайра баштаганы жатканы үчүн Иран сынга алынды. Бирок жыйындагы башкы тема Ирак болду.

Кошмо Штаттары менен Евросоюздун жетекчилиги алдыдагы күндөрдө коалициядан бийликти алганы жаткан Ирактын убактылуу өкмөтүнө толук колдоо билдиришти. Президент Буш тараптардын кескин талаш-тартыштары артта калгандыгын белгилеп, Иракка согуш ачуу чечими баакисине эле жакпагандыгын моюнга алды. Бирок эми эркин, бейпил жана бүлүнгүс Ирак бардык тараптардын таламына ылайык келеринде шек жок. Иракта коалициянын күчтөрү канча мезгил кажет болсо, ошончо убакытка калат жана өзүнө алган озуйпанын өтөлүнө чыгат, деп айтты Буш. Ирактыктар өз коопсуздугун коргогонго канчалык ыкчам даяр болсо, бу коалиция үчүн ошончолук жакшы болмок. Мындан тышкары Буш коопсуздук күчтөрүн даярдоодо атайын жардам сурап НАТОго кайрылган Ирак премьери Ияд Аллавинин өтүнүчүнө альянстын жетекчилиги оң мааниде жооп берерине ишенич билдирди.

Биргелешкен билдирүүдө Абу-Грейб түрмөсүндөгү аширет иштер жымсалдата сынга алынды. Берти Ахерндин айтымында, мындай осол окуяны эч ким каалаган эмес, бирок болору болуп, боёсу канган соң андан келечек үчүн сабак алуу керек.

Байкоочулар Ирак боюнча жалпы кызыкчылык табылганы менен трансатлантикалык союздаштардын талашы толук тамам болгон жок дешет. Муну Жакынкы Чыгышка демократиялык реформаларды сунуш кылган программага байланыштуу билдирүүдө айтылган айрым апаздар каңкуулап койду. Европалыктар бул планга жалпысынан колдоо билдиришкени менен реформалардын тыштан таңууланышына каршы чыгышты.

Президент Буш Вашингтондун дагы бир планын, атап айтканда, Түркиянын Евросоюзга мүчө болушун каалай тургандыгын да ырастады. Түркия ислам салттарын европалык маданият менен айкалыштырган өзгөчө өлкө, ал Евробиримдиктин шарт-талаптарына даяр болору менен Евросоюз дароо сүйлөшүүлөрдү баштоого тийиш, деп айтты Буш.

Америкалык президенттин бу сөздөрү европалык дипломаттар чөйрөсүндө союздун ички иштерине кийлигишүү аракетиндей бааланды. Дегинкисинде, Дублин саммити массалык демонстрациялар менен коштолду. Манифестанттардын айынан жыйын соңундагы пресс-конференция мөөнөтүнөн кечигип башталды.

Ирак маселесин Жорж Буш эми дүйшөмбү күнү Стамбулда ачылганы жаткан саммитте НАТОнун жетекчилери менен талкуулайт.

XS
SM
MD
LG