Ирактын өкмөтү Батыштан аскер машыктырууга жана өлкөнүн 120 миллиард доллар чет элдик карызын жоюуга жардам сураган эле. АКШнын президенти Жорж Буш жана Европа Биримдигинин жетекчилери ушул ишембиде Ирактын бул өтүнүчүн колдоого макулдашышты. Бул чечим АКШ баштаган коалиция бийликти ирактыктарга өткөрүп бере турган 30-июндун алдында кабыл алынып отурат.
Кабарчылар менен жолугушканда Жорж Буш АКШ менен Европанын бир катар өлкөлөрүнүн Ирак боюнча пикир келишпестиги артта калды деп ырастады:
- Менимче, согушка байланышкан келишпес карама-каршылык жоюлду. Айрымдар мен жана башкалар кабыл алган чечимди туура көргөн эмес. Бирок бүгүн биз Ирактын демократиялуу, тынчтыкта жашаган, аймактык биримдиги сакталган өлкө болушуна баарыбыз кызыкдар экенибизды эч ким талаша албайт.
Ошол эле убакта, самиттин соңунда кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө Ирактын түрмөлөрүндө Кошмо Штаттардын аскерлеринин камактагыларды кордогону кыйыр сынга алынды. "Женева конвенциясын, айыпкерлерге адамгерчиликтүү мамиле жасоонун эрежелерин аныктаган дагы башка эл аралык келишимдерди толугу менен урматтоо зарыл" деп айтылды документте.
Мунун алдында Ирландиянын өкмөт башчысы Берти Ахерн Буш менен эртең мененки жолугушууда европалыктардын мындай кордоого жийиркенүү менен карай тургандыгын айткандыгын билдирди:
- Тилекке каршы, ушундай нерселер болуп кетти. Биз албетте буга катуу өкүнөбүз.
Дагы башка келишимдерде Кошмо Штаттары менен Евросоюз тартип коргоо органдарынын кызматташтыгын бекемдеп, терроризмге каршы күрөштү күч алдырууга макулдашышты. Алар ошондой эле Ирандын ядролук программасы боюнча центрифуга бөлчөктөрүн жасап чыгарууну кайра баштоо чечимин сынга алышты жана Жакынкы Чыгыш чатагын токтотуп, аймакта демократияны жайылтуу аракеттерин колдоого убада кылышты.
Саммит өткөн Ирландиянын батышындагы 16-кылымдан калган эски чептин сыртында бирок бир топ европалык атуулдар Буштун Ирак саясатына каршы демонстрацияга чогулушту. Демонстранттар Буштун жолун тороп, анын натыйжасында АКШ президенти саммиттин соңундагы пресс-конференцияга кечигип барды. Ушул эле себеп менен Буш Түркияга да кечигип кетти.