Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Иракка суверенитет шашылыш өткөрүлдү


Ирактын президенти жана өкмөт мүчөлөрү суверенитетти тапшыруу салтанатынын соңунда ант беришти. Буга чейин Иракта убактылуу башкаруучу болуп келген Пол Бремер жана анын кеңешчилери Америкага кайтты. Ирактын убактылуу өкмөтүн башкарган Айад Алави бул күндү “тарыхый окуя” деп атады. Стамбулда бүгүн башталган НАТОнун саммитине катышып аткан Ирактын Тышкы иштер министри Хошияр Зебари бул окуя тууралуу мындай деди:

- Өлкөнү кантип башкарууну жана коопсуздукту камсыз кылууну үйрөнүү – Биздин өзүбүзгө байланыштуу. Бул милдетти аркалоо - биз үчүн катаал сыноо.Бул биздин өлкөбүз, биздин келечегибиз. Дал ушул милдетти аркалоого даяр ирактыктар абдан көп, - деди Ирактын өкмөт мүчөсү.

Америка баштаган коалициялык күчтөр Ирак суверенитети 30–июнда берилет деп ырастап келишкен. Серепчилердин баамында, бул окуянын эки күн мурда болушу коопсуздук үчүн жасалды. Мурдатан маалым болгон 30-июнь күнү согушчандар террордук чабуул жасашы толук ыктымал болчу.

XS
SM
MD
LG