Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

НАТОнун ИРАКТА ОЙНОЙ ТУРГАН РОЛУ АНЫК ЭМЕС


Ыстамбулда өтүп жаткан НАТОнун баш жыйынында Америка Кошмо Шттаттары альянстын Иракта өзүнө формалдуу жоопкерчиликти алышына басым жасайт деп күтүлүүдө. Бирок самитте чоң жаңылык болоору да күмөн.

НАТОнун Ыстамбул саммитинде Кошмо Штаттары менен Европа өлкөлөрү Ирак боюнча пикир келишпестигин унутуп, биротоло элдешүүгө кадам жасашат деп күтүлгөн эле. АКШнын мамкатчысы Колин Пауэлл кечээ НАТО трансатлантикалык ынтымакты бекемдөөчү күч болот деген үмүтүн мындайча билдирген:

– НАТО - саясий уюм, ошол эле мезгилде бүтүндөй евро-атлантикалык Түндүк америкалык жамааттын биримдигин кепилдөөчү аскерий коопсуздук уюму. НАТО Европа биримдиги менен атаандашпайт, атаандашышы да керек эмес.

НАТОнун баш катчысы Йаап де Хооп Схеффер да трансатлантикалык кызматташттыкка жаңы мүмкүнчүлүк ачылып жатканын белгилеп, бирок бүгүн жасаган билдирүүсүндө ал уюмдун эл аралык сахнадагы ролуна басым жасады.

- Бүгүн биз кабыл ала турган чечимдер жаңыланган НАТОго дагы жаңыча түспөл, мазмун берет. Бул альянстын өз милдетин толугу менен аткарышы үчүн зарыл. Биздин чечимдер НАТОнун эл аралык коопсуздукту камсыздоону жакшыртууну улантышы үчүн зарыл болгон саясий жана аскерий мүмкүнчүлүктөрдү жаратмакчы.

Ошол эле убакта де Хооп Схеффер Ирактын жаңы өкмөт башчысынын жакында сураган жардамына НАТОнун канчалык деңгээлде жооп бере алаары жөнүндө даректүү сөз кылган жок. Мындай этияттыктын төркүнүн Германия менен Франциянын турумунан издөө керек. Париж менен Берлин НАТОнун Иракка азыркыдан кеңири катышуусуна каршылык көрсөтүүнү улантышууда. Саммиттин алдында Ыстамбулда расмий өкүлдөр НАТО Ирактын куралдуу күчтөрүн машыктыруунун жаңы миссиясын жарыялашы мүмкүн экендигин сөз кылышты.

Ал эми мамкатчы Пауэлл терроризмге каршы согуш НАТОнун Ирактагы окуяларга да кеңири тартылышына алып келет деген ишенимин билдирди. Бирок Франция, Германия менен катар бир нече өлкө Ирак аскерлери өлкөдөн сырткары жакта машыктырылышы керек деп талап кылышууда. Америкада да, Европада да саясий баяндамачылар белгилеп келишкендей, президент Жорж Буштун тышкы саясатын жактырбаган өкмөттөр АКШда ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун алдында Бушту колдогон ишарат менен сөзгө калгылары келбейт. Ишембиде аяктаган АКШ менен Евросоюздун саммитинде да Иракты колдоо боюнча конкреттүү макулдашуу жетишилген жок.

Көптөгөн европалык өлкөлөрдүн Ирак маселесине кийлигишүүдөн ыргылжың болуп жатышынын дагы бир себебин Ооганстандагы кырдаалдан көрүүгө болот. Ооганстандан агып келип жаткан маңзаттардын коркунучун Европада жакшы түшүнүшөт. Ошондой эле Франция менен Германия буга чейин Ооганстанда бир топ аскердик ресурстарын сарптап коюшту.

XS
SM
MD
LG