Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ КАНИКУЛГА ТАРАДЫ


30-июнда Мыйзам чыгаруу жыйыны каникулга тарады. Өлкөнүн Конституциясына ылайык эми депутаттар 1-сентябрда сессияга чогулат. Ал эми 30-июнда болсо алар ондон ашуун мыйзамды кабыл алышты.

Адегенде депутаттар “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырышты. Андан кийин “Жогорку саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын, алардын жакындарынын мүлкү тууралуу декларация жана аны жарыялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карашты. Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков бул мыйзамга ылайык жогорку кызматтагы чиновниктер өз мүлкү жөнүндө декларациясын жарыялаш керек, деп билдирди. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев ага мындай кошумча киргизүүнү сунуштады:

- Бул жерде саналган чиновниктердин тизмесине депутаттар, райондук деңгээлдеги биринчи жетекчилердин баары кириш керек. Маселен, Бишкектеги Ленин районунун бажы кызматынын жетекчиси, ички иштер министрлигинин Ош шаардык бөлүмүнүн, салык кызматынын башчысы “оңой” кишиби?.

Президенттин өкүлү бул сунушкан макул болуп, натыйжада мыйзам кабыл алынды. Ал 2005-жылдан баштап күчүнө кирип, алгачкы декларация 1-майда жарыяланат.

Андан кийин “Ветеринардык кызмат жөнүндөгү” мыйзамды биринчи окууда кабыл алууну Мыйзам чыгаруу жыйынынын айыл чарбасы боюнча комитеттин төрагасы Бөрүбай Жураев сунуштады. Ал мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгын өлкөдө шарп ылаңынын жайылышына байланыштырды. Бирок ага карата депутат Алымбай Султанов өзгөчө пикир менен чыкты:

- Мен бул мыйзамга каршы эмесмин. Бирок өткөндө Бөрүбай Жураевич, өкмөттүн катышуусунда маселени карап, шарп каптап кетти десек, айыл чарба министри Александр Костюк экөөңөр “шарп жок” деп чыктыңар эле го. Эми ылаң каптады деп жатасыңар. Качан чыкты ал дарт? Андай болгон болсо, биз адегенде шарпка каршы бөлүнгөн акча кайда кеткенин министрден сурайлы!

Ошону менен бул мыйзам кабыл алынган жок.

Андан кийин депутаттар социалдык багыттагы бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизди. Анын ичинде “Согуш ардагерлери жана оорукта иштегендер жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага ылайык Улуу ата мекендик согуш учурунда оорукта иштеген адамдардын укуктары согушка катышкан ардагерлерлерге теңелди.

Бул мыйзамдан башка социалдык багыттагы ондон ашуун мыйзамга кошумча жана өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Мыйзам чыгаруу жыйыны 1-сентябрга чейин каникулга тараганын төрага Абдыганы Эркебаев жарыялады. Андан соң гимн ырдалып, депутаттар тарады.

Абдыганы Эркебаев сессиянын жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” мындай оюн билдирди:

- Бул жыл абдан оор да, түшүмдүү да болду. 200гө жакын мыйзам кабыл алдык. Ал экономикага, социалдык турмушка, финансыга, мамлекеттик түзүлүшкө, эл аралык мамилеге байланыштуу мыйзамдар болду. Андан сырткары такай "өкмөттүк сааттарды" өткөрүп, парламенттик талкууларды уюштурдук. Бул жылдын өзгөчөлүгү - акыркы жыл экендиги. Буюрса күзүндө төрт ай иштесек, андан кийин шайлоо башталат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG