Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

БОСНИЯЛЫК СЕРБДЕРДИН АЛТЫМЫШТАЙ ТӨБӨЛҮ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ


Босния менен Герцеговинадагы БУУнун башкы өкүлү Пэдди Эшдаун босниялык сербдердин 60тан ашуун жогорку кызматтарды ээлеген жетекчисин кызматынан бошотту. Мурдагы босниялык сербдердин жетекчиси, согуш кылмыштары боюнча айыпталып жаткан Радован Каражичтин камакк алынбай жатканы бул кадамдын башкы себеби болду. Каражичти Гаагадагы эл аралык трибунал издөөгө алууда. Кызматтан кетирилгендердин арасында босниялык сербдердин парламентинин спикери да бар.

Шаршемби күнү кызматынан алынган босниялык алтымыш серб жетекчисинин арасында босниялык серб парламентинин спикери Драган Калинич жана ички иштер министри Зоран Жерич мырзалар да бар. Драган Калинич - бир кезде Радован Каражич негиздеген Серб Демократиялык партиясынын учурдагы жетекчиси болчу.

Айтмакчы, жакында Стамбулда өз ишин аяктаган кезектеги НАТО саммитинде Босния менен Герцеговина мамлекетинин өкмөтү согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан Радован Каражичти алигиче камакка албагандыгы жана эл аралык коомчулук түзгөн Гаага трибуналы менен кызматташууда ыкшоолук кылганы үчүн кескин сынга алынган жана Босния менен Герцеговинанын НАТОнун «Тынчтык үчүн шериктешүү» программасынын алкагында бул ынтымак менен кызматташуу сунушу четке кагылган.

Бириккен Улуттардын Босния менен Герцеговинадагы башкы өкүлү Пэдди Эшдаун (Paddy Ashdown) бул өлкөнүн серб аймагынын – Серб жумуриятынын - жетекчилерин Радован Каражичти жана согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан башка саясатчыларды камакка алууга тоскоолдук кылып келишти деп айыптады.

- Ошондуктан мен Серб жумуриятынын коррупцияга малынган жана бизге тоскоолдук кылган мекемелеринин баарында бүткүл аймак боюнча тазалоо жүргүзүүнү чечтим. Өзгөчө муну Серб Демократиялык партиясынын ичинде жүргүзүүгө туура келди. Тымызын иштеп, башкаларды коркутуп-үркүтүп, ошондой эле согуш кылмышкерлерин адилет жазадан калкалаган кылмыштуу жагдайды түзгөндүгү үчүн жоопкер болгондордун баарынын тамырын кыркууну туура таптым.

Анын соңку чараларын БУУнун аймактагы мурдагы жетекчиси Волфганг Петрич (Wolfgang Petric) да колдоого алды. Петричтин айтымында, эгерде аймактагы сербдик жетекчилик буга чейинки саясатын өзгөртпөсө, анда босниялык сербдердин жумурияты Европанын калган бөлүгүнөн обочодо бөлүнүп кала бериши ыктымал.

- Бул маселени чечмейинче, алар үчүн Европага карай жол жабык. Босниялык сербдер үчүн Европа жолу Сребреница аркылуу өтөт.

1995-жылы Сребреница шаарында 8 миңдей босниялык мусулман эркектер, алардын арасында нечендеген уландар, жазыксыз жерден кыргынга дуушар болгон. БУУнун Гаага трибуналы Босниядагы мусулмандарды тукум курут кылуучу бул жана башка кылмыштуу иш-аракеттердин башында сербдердин Босниядагы аймагынын ошол кездеги жетекчиси Радован Каражич турган деп санайт.

Расмий Вашингтон да БУУнун башкы өкүлү Эшдаундун соңку кадамын кубаттоого алды.

XS
SM
MD
LG