Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:59

САДДАМГА КЫЛМЫШТАРЫН САНАП БЕРИШТИ


Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге сотто ырасмий айып коюлду. Айыптоо процессинде Багдаддын мурдагы бийлик төбөлдөрүнө атайын трибунал кандай кылмыштарды телип жатканын окуп беришти. Саддам жана анын саясий он бир иркектеши эми адвокаттарды жалдап алып, алдыда боло турган сот ишине камданышы керек. Бирок Саддамдын соту бир нече айдан кийин, атүгүл эмдиги жылы барып башталышы мүмкүн.

Саддам Хусейнге айыптоо актысын угузган сот жыйынына киргенге уруксат алган журналисттердин бири, CNN телеканалынын кабарчысы Кристиан Аманпур ырастагандай, экс-диктатор өтө азыңкы, чарчаңкы жана ындыны өчүңкү көрүндү. Судья андан аты-жөнүн атоону сураганда: “Менин атым Саддам Хусейн, Ирактын президентимин”- деп эки ирет кайталады.

Атайын трибунал Саддам Хусейндин жеке өзүнө жети пункттан турган айып такты. Атап айтканда, бийликте турган отуз беш жыл ичинде диний жана саясий ишмерлердин көзүн тазалаганы, шейиттер менен күрттөргө каршы кызыл уук кыргын уюштуруп, түндүк Иракта жергиликтүү тургундарды газга уулап боо түшүргөнү жана Кувейтке кол салганы үчүн күнөөлөндү. Саддам айыптоо документине кол койгондон баш тартып, бир катар иштерин, айрыкча Кувейтке кол салуу тууралуу чечимин жактап чыкты. Айыптоонун жетинчи пунктунда Саддам Хусейн Ирактын президенти жана куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы болгону, анын армиясы Кувейтке басып киргени айтылган экен. Мунун өзү бул иш ырасмий түрдө жасалган дегендик болот, андай болгон соң ырасмий иш кылмыш болобу? - деп айтты экс-диктатор. CNNдин кабарчысы бышыктагандай, сот процессин Саддам “театрдагы оюндай” баалап, чыныгы кылмышкер деп Жорж Бушту атады.

Сотто Саддамдын жакын жардамчыларына, алардын ичинде экс-премьер Тарик Азизге, мурдагы вице-президент Таха Ясин Рамаданга, эски режимдин коргоо министрине жана башка төбөлдөрүнө да конкреттүү күнөөлөр коюлду.

Ирактын азыркы өткөөл өкмөтүндөгү тышкы иштер министринин орунбасары Хамид ал-Баяти экс-диктаторго каршы сот процесси ачылганын кубаттады. Бул кушубак кабар болду, деп айтты ал. Эң ырайымсыз кылмыштарды жасаган режим эми сот алдында толук жооп берүүгө тийиш. Ал-Баяти Ирак эли Саддамдын өлүм жазасына тартылышын каалай тургандыгын ырастап, сот башталган соң террордук аламандар акырындап басыларына, анткени Саддамдын тарапкерлери анын бийликке кайтып келеринен биротоло үмүтү үзүлөрүнө ишеничин билдирди.

Караламан калк арасында да Саддамга каршы көрсөтмө бергиси келгендер көп. Багдад тургундарынын бири Саддам Ирак мыйзамдарына ылайык жазага тартылышы керектигин айтып, аны кылмышкер деп атады. Отуз беш жыл бийликте туруп, Саддам өз элине өзгөчө кордук көрсөттү. Экинчи бир тургун да Саддамдын соттолушун каалай турганын, анын колунан беш миллиондой адам өлчөөсүз азап көргөнүн, көбү бейсурак жайран болгонун белгиледи.

Ошол эле учурда Саддамды америкалык агрессиянын курмандыгы болду деп эсептегендер да бар. Али аттуу адам Саддамга кечирим бергенге, анын кетирген кемчиликтерин унутканга болот деп эсептейт. Саддам ирактыктарга эч кандай жамандык кылган жок, биз да ага эч кандай жамандык каалабайбыз, деп айтты ал.

Айрым байкоочулар Саддамга айып коюлганы менен аны тандыргыс таныктар менен тастыктоо кыйын болушу мүмкүн дешет. Ошол себептен экс-диктатордун соту бир нече айдан соң, атүгүл эмдиги жылга барып башталышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG