Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

АТКЕЗЧИЛИК КҮЧ АЛДЫ


Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан товарларга чек койуу жана аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү багытында 30-июнда өкмөт үйүндө жыйын болуп өттү. Анда премьер-министр Николай Танаев улуттук коопсуздук кызматынын, башкы прокуратуранын, кирешелер боюнча комитеттин, бажы депертаментинин иштерин канаатандыраарлык эмес деп баалады. Өткөн жылы өлкө аймагына аткезчилик жолу менен 3 млрд. сом көлөмүндөгү товар киргизилген. Натыйжада өкмөттүк казына миллиардаган сомдон кол жууган.

Премьер-министр Николай Танаевдин маалыматына караганда, 2003-жылы мамлекеттик бюджетке акциздик жана бажы салыгынан 1,8 млрд. сомдук киреше түшпөй калган. Ал эми өткөн жылы Кыргызстанга аткезчилик жолу менен 3 млрд. сом көлөмүндөгү товар киргизилген. Натыйжада мамлекеттик бюджет миллиарддаган сом кирешеден кол жууган. “Күч органдарынын жана кирешелер комитетинин отчётуна ылайык статистикалык маалыматтарга таянсак, акциздик салыктардан түшкөн киреше тууралуу адамдын күлкүсү келе турган сандар көрсөтүлгөн”, деди Николай Танаев.

Анын айтымында өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын биринчи кварталында аткезчилик жолу менен мыйзамсыз өткөрүлгөн товарлардын көлөмү кескин өскөн. Мисалы: тамеки продуктулары 58,5 млн., вино-арак 29,2 млн., жанар май 15,2 млн. сомду түзгөн. Ал эми баалуу металлдардан жасалган кооз буюмдар, дары-дармектер өлкө аймагына агылып келгени менен, акциздик жана бажы салыктарынан мамлекет казынасына пайда түшпөй, тиешелүү кызматтардын кызматкерлеринин пайдасына чегерилүүдө. Маңзаттарды кармоо кескин кыскарды, деген пикирин билдирди өкмөт башчысы. Ал ошондой эле, тиешелүү кызматтар аткезчиликке каршы алгылыктуу иш чараларды жасабай жатканын белгиледи:

- Коопсуздук кызматы, башкы прокуратура, ички иштер министрлиги, салык полициясы, бажы депертаменти, чегара кызматы 2004-жылдын жыл башынан бери аткезчиликке каршы бир дагы кылмыш ишин козгогон эмес. Бардыгы жакшы, жайма-жай деген мамиледе. Аталган кызматтардагы чиновниктердин санына жараша аткарган иштери “шоона эшпейт”. Өлкөдөгү 18 миң абакта жаткан кылмышкерлерди бекер баккандай эле, күч органдарынын жана кирешелер боюнча комитеттин кызматкерлерин өкмөт бекер багып атат. Иштеген ишиңердин кайрымы жок.

Николай Танаевдин айтымында, Кытай эл республикасынын чегарасынан жана бажы кызматынан Кыргызстанга чыгарылган товардын көлөмү 314 млн. Америка долларын түзгөн. Ал эми Кыргызстанга киргизилип, каттоодон өткөн товардын айырмасы 200 млн. долларга кемиген. Натыйжада чегара кызматы, бажы департаменти Кытайлык кесиптешериндей өз милдеттерин абийирдүү, так жана таза аткарышкан эмес. Жыйын соңунда өкмөт башчысы тиешелүү министрлик, комитеттер сентябрь айына чейин ишиндеги олуттуу кемчиликтерди жойбосо, тиешелүү жетекчилер кызматтан четтетилерин эскертти.

Ал эми “Граждандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова коркутуп-үркүтүү менен проблемаларды чечүүгө мүмкүн эмес деген пикирде:

- Коррупцияга, контрабандага каршы күрөшүү боюнча иш-чара колдонулбаса каржылоону токтотобуз деген эл аралык финансы уюмдарынын талаптары бар. Өкмөттүн жыйыны мына ошол талаптарды аткарып жатабыз деген эле, “отчеттук” жыйын. Танаев крокутуп-үркүтүү менен эч кандай проблемаларды чече албайт. Биринчиден, коррупция, контрабандага каршы мыйзамдар кабыл алынышы керек. Экинчиден, күч органдарына жана кирешелер комитетине конкурстук шарт менен мыкты адистерди алыш керек. Ал эми бүгүнкү күнү киреше берүүчү структураларда ага-тууган, тааныштарынын жана паранын күчү менен кызматка орношкондор иштеп жатканда өкмөт ишинин оңолуп кетет деши - абсурд.

XS
SM
MD
LG