Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ ТЫҢЧЫЛАРДЫ КАРМАДЫБЫ?


Ушул жуманын башында өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 10 чакты мамлекеттик кызматкер кармалып, аларга мамлекеттик жашыруун сырды ачкан деген күнөө коюлганы кабарланууда. Бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктовго бир нече суроо менен кайрылдык. Назарыңыздарда мына ошол суроо-жооп.

- Борис Трофимович, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан мамлекеттик он чакты кызматкер кармалды, аларга чет өлкөлөр пайдасына тыңчылык кылган деген күнөө коюлганы айтылууда. Бул маалыматты ырастай аласызбы? Дегеле, кимдер кармалды?

-Бул тууралуу азыр айтуу эрте. Билесизби, эми гана тергөө иши башталды, ошондуктан мен эч кандай комментарий бере албайм.

-Кайсы мамлекеттин пайдасына иштеген алар?

- Бул азыр тактай турган чоң маселе.

-Азыркы кезде кылмыш иши козголгонбу?

-Ооба , мамлекеттик жашыруун сырды ачып койгондугу боюнча кылмыш иши козголгон.

-Тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзүп жатабы?

-Ооба.

-Алар өкмөт аппаратынын кызматкерлери элеби, же ...

-Алар ар кандай министрлик, мекемелерден. Кээ бирөөлөрүнүн эч кайсы министрликке, мекемеге тиешеси жок.

-Алар кандай мүнөздөгү маалыматты беришкенин айта аласызбы?

-Албетте, жашыруун мүнөздөгү маалыматты беришкен.

-Кайсы багыттагы, маселен, өнөр жайына, аскерге же чек арага байланыштуубу?

-Ар кандай маалыматтарды беришкен.

-Жакынкы чет өлкөлөргөбү, же алыскы чет өлкөгө иштешкенби?

-Сиз айлакерленип, менден маалымат чыгарып алууга аракеттенбеңиз. Мен айттым го, азыр комментарий берүүгө эрте. Кылмыш иши бар. Ал жакында эле козголгон.

-Кармоонун өзү качан болду?

-Жакында эле болду.

-Жакында дегенде, кечээби же бүгүнбү?

-Жуманын башында.

-Мыйзамга ылайык, аларга качан айып коюлуп, иши сотко өткөрүлүп берилиш керек?

-Кармалгандан кийин 24 сааттын ичинде токтом кабыл алынып, 3 күндүн ичинде күнөө коюлушу керек.

-Демек, аларга күнөө коюлуп, бардык тергөө иштери жүрүп жатат экен да?

-Ошондой болуп жатат.

-Маалымат каражаттарында, кармалгандардын экстремисттик уюмдар менен байланышы бар деп айтылган. Бул туурабы?

-Бул андай эмес.

-Демек андай эмес экен да. Аларга тыңчылык кылган деген айып коюлуп жатат экен да?

-Тыңчылык кылган деп айтууга да эрте. Себеби тыңчылык кылган деп чет өлкөлүк атуулду гана айыптоого болот. Биздикилерге мыйзамга ылайык чыккынчылык кылган деп айып коюулушу мүмкүн.

-Суроолорго жооп бергениңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG