Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

ООГАНСТАНДА КУРАЛДУУ КАГЫЛЫШУУ КҮЧӨДҮ, ШАЙЛОО КИЙИНКИГЕ КАЛЫШЫ МҮМКҮН


Талибдердин режими кулап, өлкөгө эл аралык коопсуздук аскерлери киргизилгени менен Ооганстанда фракциялар аралык араздашуунун оту улам бир жерде жалбырттап, жардыруулардан кан төгүлгөн учурлар токтобой келатат. Ушуга байланыштуу сентябрга белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтү алигиче жарыялана элек. Анын аралыгында, Ооганстанда Америкалык аскерлердин жергиликтүү түрмөлөрдө айыпкерлерге зордук-зомбулук көрсөткөнү боюнча жаңы иликтөө башталды.

Оогандар алгачкы түз шайлоонун мөөнөтү боюнча өз ара пикир келишпестигин талкуулап, ишембиде сүйлөшүү стөлүнө отурушту. Сентябрга белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтү алигиче тактала элек. Конституция боюнча бул мөөнөт 90 күн алдын-ала жарыяланышы керек эле. Шайлоо комиссиясынын улук мүчөсү Фарук Вардак саясий партиялар менен шайлоо бийликтеринин ортосундагы сүйлөшүү али бүтө элек болгондуктан, шайлоону сентбярда өткөрүү мүмкүнчүлүгү дале күчүндө деп маалымдады.

Шайлоо комиссиясынын өз атын атабоону суранган дагы бир мүчөсү парламенттик шайлоо жазга калтырылышы мүмкүн деп билдирди. Шайлоону уюштурууга Бириккен улуттар уюму да кол кабыш көрсөтүп жатат. Кошмо Штаттарынын Кабулдагы элчиси Задмай Халилзад шаршембиде шайлоону сентбярда өткөрүү мүмкүн экендигин белгилеп, бирок фракциячыл топторду куралсыздандырууну тездетүү керек деди.

Айрым саясий топтор шайлоонун кийинчерээк өтүшүнө кызыгышат. Себеби алар президент Карзай фракция лидерлери менен жең ичинен макулдашып алып, эрте өткөн шайлоодо өз турумун бекемдөөнү көздөйт деп шектенишет.

Анын аралыгында, жаңы куралдуу кагылышуу тууралуу кабарлар келип түшүүдө. Өткөн жума күнү талибдер "Ооганстандын түштүгүндөгү Уразган провинциясында Америка аскерлери менен айыгышкан салгылашуу болду, анда сегиз америкалык аскер ажал тапты" деп маалымдашты. Ушул эле провинциядагы дагы бир кагылышууда Ооганстандын беш жараны каза тапкан. Соңку күндөрү Забул жана Кандар провинцияларында да куралдуу кагылышуу орун алды. Түштүк жана түштүк-чыгыш Ооганстанда жыл башынан тартып, 375тен ашык кишинин өмүрү кыйылды. Булардын арасында америкалык, ооган, эл аралык аскерлер, гуманитардык кызматкерлер жана талиб согушчандары бар. Ал эми ишембиде баш калаа Кабулда жашыруун бомба жасаган ишкана жарылып, алты киши жарадар болду.

Анын аралыгында, АКШнын армиясы Ооганстандын түрмөлөрүндө айыпкерлердин кордолушу боюнча жаңы айыптоолор боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Ооганстанда учурда 2 миң чакты америкалык аскер бар. 2002-жылдын августунан бери түрмөдө беш оогандын киши колдуу болушуна байланыштуу иликтөө жүргөн эле. Ал эми мындан бир нече жума мурда ЦРУга иштеп жаткан бир киши 2003-жылы абакта ооган жаранын уруп жатып өлтүргөн деген кине менен камакка алынды.

Ишембиде ошондой эле Ооганстандын президенти Кошмо Штаттарына жол тартты. АКШнын Күнкорсуздук күнүнө карата ага Филаделфия Эркиндик медалы тапшырылууда.

XS
SM
MD
LG