Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:47

ЮКОС МЕНЕН БИЙЛИКТИН КАРМАШЫ КУРЧУДУ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Башпрокуратурасынын кызматкерлери ишембиде ЮКОС компаниясынын Маскөөдөгү борбордук кенсесине тинтүү жүргүздү. Прокуратуранын өкүлү ИНТЕРФАКС агенттигине берген расмий жообунда ЮКОСко баш ийген түзүлүштөрдүн алдамчылык кылып салык төлөөдөн качкандыгы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында тинтүү өткөрүлдү деген. Буга дейре Маскөөнүн арбитраждык соту компаниядан 2000-жылы төгүлбөй калган деген кине менен 3 миллиард 400 миллион доллар, арадан эки күн өткөндө, 2001-жылы төгүлбөй калган деген кине менен 3 миллиард доллар кесип алуу өкүмүн чыгарган. Сырттан көз салуучулар мындай жагдай ЮКОСту банкрот абалга дуушар кылат дешүүдө.

Ишемби күнү ЮКОС компаниясынын Маскөөдөгү борбордук кенсесине өлкөнүн Башпрорукратурасынан кишилер келип, тинтүү өткөрдү. Атын атабаган прокурордун расмий билдирүүсүнөн: “ЮКОСко баш ийген түзүлүштөрдүн салык төлөөдө жасаган алдамчылыгы жана салык төлөөдөн качкандыгы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында тинтүү өткөрүлдү.”

Бул маалыматты алгач болуп ИНТЕРФАКС агенттиги таркатты. Прокуратура кызматкерлери Москвадагы Дубининская көчөсүндөгү компаниянын борбордук кенсесинде баш-аягы 9 саатан ашуун убакыт тинтүү жүргүзүшкөн жана бир нече кучак кагаз жыйнап, аны ала кетишкен. Кайсы кагаздарды алышканы тууралуу протокол түзүшкөн.

Бирок компаниянын басма боюнча катчысы Александр Шадриндин айтканына караганда, алар кагаздарды алып атканда кенселерде ЮКОСтун бир да адвокаты, бир да жетекчиси болгон эмес. Андан аркы кебинде Шадрин мырза компания өзүнө гана тийешелүү баланс астында иш жүргүзөрүн айта кетти:

- Компания өзүнүн гана балансы менен иш алып барарын көрүштү. Сибнефт акцияларына ээ экендигин күбөлөгөн кагаздарды көргөндө алар кайтып кетишти.

ЮКОСко баш ийген чакан ишканалар менен болгон мамиледен бийлик бир жашыруун сыр издеп, “бөйрөктөн шыйрак чыгара” тургандыгын былтыр Михаил Ходорковский кармалар алдында айткан эле:

- Баарысы биздин мамиленин артында кандайдыр бир жашыруун сыр болгон деп эсептешет, - деген болуучу 2003 жылдын 19 февралы күнү.

Компания менен Кремлдин кармашын сырттан көз салуучулар бийликтин жеңиши менен аяктайт дешүүдө. Көзкарандысыз талдоочу Вадим Манкиндин айтканына караганда:

- Бул маселе - компания өз кожоюну Ходорковский менен анын өнөктөшү МЕНАТЕП жетекчилер колунда калуу-коюу туурасында эмес, бийлик кандай шартта жана кимге ал компанияны өткөрүп беретте калды.

Басма сөз каражаттары жазганга караганда, былтыр Орусияда өндүрүлгөн ар бир бешинчи челек мунайзат ЮКОС тарабынан өндүрүлгөн. Ушундай зор компания эми минтип кыйраганы турат.

XS
SM
MD
LG