Түштүктөгү Хелманд провинциясында шаар башчысы Ажы Манаф Хан кол салуудан аман калды, бирок мэрдин сакчысы жараат алды. Шаар өкмөтүнүн өкүлү кечээки кол салууга байланыштуу талиб деп шектелген бир киши камакка алынганын кабарлады.
Түндүктөгү Мазари-Шариф шаарында кол башчы Атта Мохамаддын аскерлери полициянын баш кеңсесин басып алып, Ооган полициясынын 100дөн ашык кызматкерин туткундашты. Кабарларга караганда, генерал Мохаммад полиция башчысы Мохаммад Акбар Хакризвар менен маңзаттарына байланыштуу чатакташып кеткен. Эки тарап тең бир-бирин маңзаттардын аткезчилиги менен алектенет деп айыпташууда. Полиция бөлүмү качан басылып алынганы белгисиз.
Ал эми Кошмо Штаттарында Ооган президенти Хамид Карзайга Филаделфия Эркиндик медалы тапшырылды. Карзай 100 миң доллардык сыйлыкты ооган жетимдерине жумшамакчы.