Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Индонезияда президенттик шайлоо аяктады


Бул - өлкөнүн эң алгачкы түз шайлоосу болуп калды. Добуштардын бир пайызы саналганда мурдагы коопсуздук министри Йудхойоно биринчи, ал эми учурдагы президент Мегавати Сукарнопутри экинчи орунда экендиги айгине болду.

АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер бүгүн Жакартада шайлоого байкоо жүргүздү. Ал Индонезиянын элин алты жылда эле авторитардык режимден нукура демократиялык бийликке өтүп кеткени менен куттуктады.

Расмий өкүлдөр добуш берүүнүн мезгилинде олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок деп айтышты. Шайлоонун так жыйынтыгы эки жумадан соң чыгарылат, бирок бүгүн алдын-ала жыйынтык белгилүү болот деп күтүлүүдө. Шайлоого баш-аягы беш талапкер катышты. Эгер бир да талапкер добуштардын жарымынан ашыгын ала албаса, кошумча шайлоо өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG