Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

УЙГУР МУЗЫКАСЫ БИШКЕКТЕ


Жакында Бишкекте Борбор Азиялык музыка жыйнагын түзүп жаткан адистер Кыргыз телерадиокорпорациясынын Бишкектеги баш кеңсесинде бир нече күн иштешти. Алар кыргыз шайырлары менен катар, коңшулаш өлкөлөрдөн атайын келген артисттердин ыр-күүлөрүн жаздырышты. КТРде Ташкенден келген уйгур өнөрпоздору да ыр жаздырышты.

Назыгүл Аюпованы Бишкектин көчөсүнөн көрсөм, кыргыздын эле бир кызы деп ойломокмун. 20 жаштагы ак жуумал, узун чачын өрүп артына таштаган, бакыракай көздөрү дайым күлүңдөп турган Назыгүл кыргыз жергесинде өзүн үйдөгүдөй сезет, ал Бишкекке кичинекей кезинен баштап, келип-кетип турат:

- Бишкек мага унутулгус, жагымдуу таасир калтырды. Бул жакка келгенде кайра кетким келбейт. Мага Бишкек үчүнчү мекеним болуп калды.

Ырчы кыздын калган эки мекени кайсылар болду экен? Муну тактаардан мурда Назыгүлдүн жана анын кесиптештеринин Кыргызстанга кандай максат менен келип калганын билеличи.

Ташкендик "Санам" ансамбли Кыргызтелерадионун Жаш Гвардия бульварындагы имаратында июнь айында бир нече күн ыр-күүлөрүн жаздырышты. Борбор азиялык музыка топтомун түзүп жаткан Агахан атындагы Маданият корунун аймактaгы баш өкүлү, музыка профессору Тед Левин долбоор тууралуу буларды айтып берди:

- Борбор Азия музыкасынын антологиясы үчүн ыр, мукам, күүлөрдү жаздырып жатабыз. Антологияны АКШнын Улуттук музейи болгон Смитсониан институтунун Смитсониан Фолксуэй деп аталган үн жаздыруучу компаниясы чыгарат. Бардыгы болуп он компакт диск чыгарабыз. Ар бир компакт дисктин ДВД же дигиталдык видео-табагы болот. Бул дисктер Борбор Азия музыкасы боюнча жалпы түшүнүк берет.

Тед Левиндин айтымында, дисктердин бири жалан кыргыз музыкасына арналмакчы. Алгач "Санам" тобун Ташкенде жаздыруу пландаштырылган эле, бирок америкалык эки адис виза ала албагандан кийин, артисттерди Бишкекке алып келүүгө туура келди. Ошондой эле ташкендик артисттердин биринин жарандыгы жок болгондуктан, Кыргызстанга кыйынчылык менен виза алды - Шиңжандык аспапчы Орозакун Адилов жарым кылымдан ашык Өзбекстанда жашап, бирок бул өлкөнүн жарандыгын ала албаган. Адыловдун таржымалын жаздыруу тобунун өкүлү Алима Салимова мага мындайча түшүндүрдү:

- Орозахун Адилов Кашкар рубабында ойноп, Кашкар ырларын ырдайт. Ташкенге келгенине 52 жыл болгон. Алигиче Өзбекстандын жарандыгын кабыл алган эмес. 10 жашында Кытайдан көчүп келгенде, ага жарандыгы жок деген күбөлүк беришкен. Ошол бойдон жарандыгы жок жашап келатат.

Шиңжандык уйгурлардын сеператисттик кыймылына байланыштуу, расмий Бээжин өкмөтү менен жылуу-жумшак мамиле түзгөн Борбор Азиялык өкмөттөр өз өлкөлөрүндөгү уйгур тургундарына шектенүү менен карашат. Бишкек өкмөтү Бээжиндин колуна өткөрүп берген кытайлык бир нече уйгур Кытайда өлүм жазасына тартылган. Ал эми Өзбекстанда уйгур жазуучусу Эмин Усман түрмөдө жатып, көз жумган.

Бирок Өзбекстанда карапайым элдер арасында ынтымак күчтүү. Уйгурлардын музыкасын, маданиятын сыйлап, урматташат. Ташкендиктер уйгур ресторандарын алыскы Нью-Йоркто да атайын издешээрине сиздин кабарчы өзү күбө болгон. Алима Салимова Өзбекстанда уйгур кухнясы катуу бааланат дейт:

- Ташкенде гана эмес, фергана өрөөнүндө уйгурлардын кафелери көп, Ташкендин эски шаарындагы Чарсу базарында атактуу уйгур ашпозчулардын лагманканалары бар.

Уйгурлардын тамагынын өзгөчөлүгү алар камырлуу тамакты көп жасашат, ошондой эле соя татымалын, түрдүү чөп-чарды колдоно билишет. Соя татымалы Кытайдын таасири болгон болушу мүмкүн, жалпысынан чыгыш элдеринен көп нерсени алышкан сыяктанат.

Тамак-аштан музыкага кайтып келели. Ташкендик шайырлар ырларын жаздырып жаткан Кыргыз телерадиокорпорациясында иш шарты кандай болду экен? Агахан долбоорунун дагы бир өкүлү, Бостондогу Улуттук радионун үн оператору, продюссер Жоэл Гордон КТРде техникалык жабдуу жагы аксаганы менен концерт залынын акустикасы же үндүн жаңырышы өтө мыкты деп эсептейт:

- КТРдин концер залынын акустикасы укмуш экен. Мен иштеген залдардын эң мыктыларынын бири. Мында кайталангыс үндөрдү жаздырса болчудай. Бир гана жери, жабдыгы жөнөкөйүрөөк, ушул жагына көңүл бурушу керек экен. Болбосо адистери да мыкты.

Анын аралыгында "Санам" тобунун солисти Назыгул студиядан ыр жаздырып чыга келди. Бир топко баарлашып калдык. Назыгүл өзү Алматыда туулуп, Ташкенде өскөндүктөн, Казакстанды да, Өзбекстанды да өз мекени деп санайт. Ал эми тарыхый мекени болгон Чыгыш Түркестан же Батыш Кытайдын Шиңжаны тууралуу сураганымда, Назыгүл бир саамга ойлоно калып, минтип жооп берди:

- Албетте мен ал жакты көргүм келет, бир да жолу бара элекмин, бирок Алматыда туулуп, Ташкенде жашаарыма канааттанам.

Назыгүл Бишкекке кичинекей кезинен келип кетип турат. Өткөн кышта да ушул "Санам" тобу менен келип, Абдулазиз Ашымов деген жазуучунун китеби менен тааныштырып кетишкен. Ар кадам сайын милиция паспорт текшерген Ташкенге караганда Бишкекте өзүн эркин сезээрин жашырган жок:

- Бул жагынан анча катуу карашпайт экен. Биз азыр ал тургай паспорту жок жүрөбүз. Өзүбүздү эркин сезебиз.

Назыгүл кесиптештери менен кечке маал жаздыруу ишин бүтүп, Жаш Гвардия саябан багына чыгышты. Жайкы саратандын салкын кечинде сейилдеп кетишти. Ташкендик "Санам" тобунун ырчыларын Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты. Булар менен катар, Бишкекте Борбор Азиялык музыкалык антологияга Кыргызстандан "Теңир тоо" тобу, манасчы Рысбек Жумабаев жана башка комузчу, кыякчылар, ошондой эле Казакстандан, Каракалпакстандан, Хорезмден жана Тажикстандан келген шайырлар да жазылышты. Анталогиянын алгачкы үч компакт диски келерки жазда жарык көрөт, анын бири кыргыз музыкасына арналмакчы.
XS
SM
MD
LG