Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Бүгүн МАГАТЭнин жетекчиси Израилде иш-сапары менен болот


Бүгүн МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед Эль- Барадейдин кыска мөөнөттүк иш-сапары менен Израилге келиши күтүлүүдө. Барадей Израилдин жетекчилиги менен өлкөнүн өзөктүк программаларына байланыштуу жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алышат. Буга чейин МАГАТЭнин жетекчиси Израиль өзүнүн өзөктүк программасы жөнүндө коомчулукка ачык маалымат береби же жокпу - өзү чечиши керек деп билдирген. Жолугушууда тараптар ошондой эле Жакынкы Чыгышта өзөксүз аймакты түзүү маселесин да талкуулашмакчы. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн бир гана Израиль өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошула элек.

XS
SM
MD
LG