Ушул дүйшөмбүдөгү шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы Индонезия армиясынын отставкадагы генералы Сусило Бамбаң Юдхойононун добуштардын 34 пайызын алгандыгын көрсөтүүдө. Бирок бул 50 пайыздан төмөн болгондуктан, Индонезиянын элин дагы бир жолу шайлоого келүүгө туура келет окшойт. Пол Роланд Кошмо Штаттарында жайгашкан Улуттук Демократиялык институтту жетектейт. Демократиялык партиянын эл аралык бөлүмү болгон бул институт Индонезияда 2 жарым миң шайлоо участкасында сурамжылоо жүргүздү:
- Кыскача айтканда, Индонезиянын алгачкы президенттик түз шайлоосунда эч ким чу дегенде эле жеңип чыга алган жок. Сусило Бамбаң Юдхойоно менен (ал вице-президенттикке тандап алган) Юсуф Калла, күтүлгөндөй эле, беш бюллетендин ичинен эң көп (34 пайызга чукул) добуш чогултту.
Алдын-ала эсептөөгө ылайык, учурдагы президент Мегавати 26 пайыз топтоп, экинчи орунду алды. Ал эми экс-генерал Виранто андан болгон үч пайызга аз добуш чогултту. Роланд мындай дейт:
- Мегавати менен Вирантонун ортосундагы айырмачылык салыштырмалуу аз. Ошондой эле, бир катар бюллетендер жараксыз деп табылгандыктан, аларды кайра текшериш керек. Ушул кырдаалды эске алганда, кимиси экинчи орунду алып, кийинки айлампага катышаары азырынча белгисиз.
Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 10 күндүн ичинде белгилүү болот. Биринчи келген Юдхойоно экинчи айлампада ким ага атаандаш болсо да, таймаш жеңил болбой тургандыгын моюнга алды:
- Ким чыкса да, мен экинчи айлампага барууга даярмын. Виранто менен Мегаватинин ар биринин өздөрүнө мүнөздүү артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Ал эми саясый өңүттөн алганда мен экинчи айлампада таймашка түшүүгө даярмын.
Ири маселелерде Юдхойоно менен берки экөөнүн платформаларында айырмачылык жокко эсе. Үчөө тең калктын жарымы күнүгө эки доллардан аз акчага күн көргөн өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү максат кылышат. Үчөө тең "ал-Каида" менен алакасы бар экстремисттер бир катар бомба жардырууларын уюштурган өлкөдө терроризм менен күрөшүүгө убада кылышкан.
Жакартанын тургуну Хери үчөөнүн кимиси жеңгени эмес, кандай иштеп кетээри маанилүү деп эсептейт:
– Кимиси жеңсе - анысы жеңсин. Башкысы, жеңгени биринчиден, коопсуздук шартын жакшыртып, экинчиден, элдин суроо-талаптарын канааттандырышы керек.
Индонезиядагы 220 миллион калктын 85 пайызга жакыны мусулмандар. Көбү сабырдуу турумдагы динзарлар. Индонезия дүйнөдөгү эң ири мусулман өлкөсү деп саналат. 17 миңден ашык аралда чачылып жашаган элдин 150 миллиону добуш берүүгө укуктуу. Ушул дүйшөмбүдөгү шайлоого алардын 80 пайызга чукулу катышты. Шайлоонун мезгилинде одоно эреже бузуулар же кагылышуулар тууралуу кабарланган жок.