Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

ИНДОНЕЗИЯДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ТИКЕЛЕЙ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛДУ


Чолпон Орозобекова, Прага Индонезияда өлкөнүн тарыхында биринчи жолу тикелей президенттик шайлоо болду. Жарым миллионго чукул шайлоо чөлкөмдөрүндө 153 миллион шайлоочунун добуш беришин уюштуруу иштери оңойго турган жок. Азырынча шайлоонун биринчи айлампасынын толук жыйынтыгы расмий жарыялана элек. Бирок байкоочулардын баамында, өкмөттүн мурдагы мүчөсү генерал Сусилио Бамбаң Йудхойоно (Susilo Bambang Yudhoyono) алдыга озунуп чыкты.

Индонезия - дүйнөдөгү мусулмандар жыш жашаган эң ири өлкө. Анын санынын 85 пайызын мусулмандар түзөт. Ал эми шайлоого укуктуу атуулдарынын саны - 153 миллион. Бул деген Кыргызстан калкынан 30 эсеге ашык дегендик. Мамлекет башчынын калк тарабынан тикелей шайланчу бул өнөктүктө индонезиялыктар жигердүүлүгүн көрсөттү. Баш калаа Жакартада шайлоочулардын 70-80 пайызы добуш берди. Эл шайлоого жакшы маанай менен катышып атканы сезилип турду. Эмесе, айрым шайлоочулардын пикирне кулак төшөйлү. Бахаса тилинде сүйлөгөн бир айым бул шайлоону кубаттайт:

- Биз өз пикирибизди билгизип, өзүбүз каалаган адам үчүн добуш берип атканыбыз үчүн бактылуумун. Бул өлкөнү башкара турган адамды өзүбүз тандап жатабыз.

Ал эми дагы бир шайлоочунун пикири мындай:

- Мен өзүмдү ишенимдүү сезип турам, себеби мындан ары ар ким өзү үчүн добуш бере алат. Менин башымды мындан ары айландыра алышпасын билип турам. Мындан кийин өлкөнү башкарууга татыктуу адам үчүн өз добушумду бере алам.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары ушул шейшембиде жарыяланмакчы. Бирок коомчулук арасындагы сурамжылоонун жыйынтыктары азыркы президент Мегавати Сукарнопутри айымдын мүмкүнчүлүктөрү аз экенин көрсөтүүдө. Ал мамлекет башчылыкка 2001- жылы парламенттеги шайлоо аркылуу келген. Бирок анын бийлиги астындагы үч жыл ичинде өлкө экономикасы тукулжурап, ислам согушчандарынын кол салуулары азайган жок.

Президенттикке талапкерлердин ичинен элге сүймөнчүктүүсү генерал Сусилио Юдхойоно болууда. Ал өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып, коррупцияга каршы күрөшүүнү убада кылып жатат. Бирок анын биринчи айлампада эле 50 пайыз добушка ээ боло албасы белгилүү болуп калды.

Индонезиянын мурдагы коопсуздук министри Сусилио Йудхойоно Жакартада дүйшөмбүдө журналисттерге мындай деди:

- Менин көзүм жетет, биринчи айлампада жеңээриме ишенем. Демек, бул болбой калса экинчи айлампага катышарыма көзүм жетет.

Коомчулук арасындагы сурамжылоого караганда азыркы вице-президент Хамза Хаз эң аз добуш алат көрүнөт. Акыры, бул шайлоо башаламан жашоону башынан кечирип келген Индонезиянын демократияга карата алгачкы кадамы болмокчу. Бул өлкөнү 32 жыл башкарган Сухарто бийликтен кеткенден кийин гана демократиялык коомго үмүт пайда боло баштаган.

Индонезиянын Конституциясына 2002-жылы өзгөртүү киргизилгенден кийин гана президентти жана вице- президенттин эл тарабынан тикелей шайланышы жөнүндө жобо бекиген.

Бул шайлоодо 600гө чукул эл аралык байкоочу иштеди. Алардын арасында АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер дагы бар. Экс- президенттин оюнча, Индонезиянын элин куттукташ керек:

- Алты гана жылдын ичинде авторитардык режимден нагыз деморкатияга өтүүнү жүзөгө ашыруу – эң сонун көрүнүш. Бул үчүн индонезиялыктарды куттукташыбыз керек.

Бул шайлоодо абакта жаткан 33 жоочунун экөөсү да добуш берди. Алар 2002-жылы Балиде террордук жардыруу уюштурган, анын айынан 220га чукул адам өлгөн. Алардын көбү – Батыштан эс алууга келгендер болчу.

Президенттикке ат салышып аткан беш талапкер тең ислам мамлекетин курууга каршы. Ал эми Индонезия, Кыргызстан сыяктуу эле, илгертеден эле исламдын сабырдуу нугун тутканы менен белгилүү. Бул өлкөдөгү алгачкы президенттик тикелей шайлоонун жыйынтыгы алдыдагы эки аптанын ичинде белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG